Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бишкек Москва»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мекенден алыс жүрөт адамдар,
Бакытын издеп келди кадамдар.
Тоо кушун кенен батыра алган,
Тоолордон алыс сырдуу калаа бар.
Кайырма:
Бишкек-Москва, учуп барам мен сага,
Күтүп ал, тосуп ал, мекениме кайтканча.
Москва, Москва, койну кенен садага,
Тарых бир, тагдыр бир, өлкөбүзгө сен ага.
Сүйүүлөр калды кусалык бүтүп,
Жаш балдар жүрөт апасын күтүп.
Алыста алар жыргап жүргөн жок,
Кумурска күндүз, түнкүсүн үкүк.
Кайырма:
Аталар коркуп уулун узаткан,
Секелек барат мектеп курактан.
Ыйлаба апа, кайра келемин,
Суу ичким келет тунук булактан.

Другие песни исполнителя:

  • Ойноп, жыргап күлө албай, Өмүр баркын биле албай. Өтүп жатат өмүрүм, Тагдыр, сага тил албай. Оору болуп, кор болуп, Кайран өмүр шор болуп. Кайран дос, Өмүрдүн баркын биле албай. Аа, кургур тагдыр, тил албай. Жер энеден жаралып, Кайра жерге барабыз. Ажал келсе бир күнү, Акыр өлүп каларбыз. Жараткан, оо, Жараткан, Адамзатын тараткан. Кайран дос, Өмүрдүн баркын биле албай. Аа, кургур тагдыр, тил албай. Колдон келсе сыйлашып, Жүргөн жакшы ырдашып. Кереги эмне өмүргө, Бир келген соң чырдашып. Жараткан, оо, Жараткан, Адамзатын тараткан. Кайран дос, Жардамга, достор, келе көр, Кудайым, шыпаа бере көр. Айтчы, биз эмне табабыз? Акыры кетип каларбыз.
  • Бир канча жолу көрсөм дагы, Негедир кумарым канбады. Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага, Аткарып селки башкы ролду. Атайын терспи ал же оңбу? Ансайын ойго салчу болду, Сыр болуп мага. Кайырма: Бир көрүүдөн сени сүйгөм, Өмүрүмдө махабаттын таңы аткан го. Кыял козгоп, кыяк боздоп, Термелемин сезимдерде жаңырып танго. Айласыз күнгө кабылган кез, Сагынтып назик, сүйкүм элес. Келер деп аны жолдон эмес, Күтөм экрандан. Кинодон сүйүп жүрүп эле, Акырын унутарсың дебе. Мен үчүн өмүрүмдө деле, Ал башкы каарман.
  • Биз экөөбүз бирде жолугуп, кээде таппай адашып, Кесилишип кайкып каректер, бирде тиктеп карашып, Билмексенбиз балким деп ойлойм, экөөбүз тен жашынып, Бирде жалган айтып, бирде сөздөн качып, Жүрөбүз дейм адашып. Кайырма: Көңүл сезим калды сага байланып, Асманымда ак булуттай айланып, Сени сүйүп жүрүү кандай керемет, Күндүзү күн, а түндөсү ай жарык. Капилеттен дейбиз, а бирок, болот турмуш ар кандай, Табышаарбыз балким таппайбыз, болот тагдыр жазгандай, Бир болорбуз балким акыры, эриш-аркак жарашып, Аруу тилек айтып, ак сүйүүдөн кайтып, Түбөлүккө жанашып.