Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалгызымсын»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Маңдайыма сени жазган,
Ушул тагдыр буюрган.
Күлсөң күлкүң алтын-күмүш,
Ак жүзүңдөн куюлган.
Каректериң сыйкыр беле?
Кетпейт оюмдан.
Алмаштырбай бирге өттүм ушул жолумдан,
Түбөлүккө ажырашпай, кармайм колуңдан.
Кайырма:
Жалгызымсың менин ар дайым,
Жарым болуп мага кал дайым.
Жан дүйнөмдө жанып жашайсың,
Жыргалымсың ар дайым.
Жалгызсырап сенден калбайын,
Жамалыңдан сүйүп танбаймын.
Жылдызымсың күйүп асманда,
Жазда сүйүүм бар дайым.
Түбөлүккө сен деп жашайм,
Турмуш жолун улантам.
Көңүлүңдү көтөрөмүн,
Күлсөң, күлүп кубантам.
Жаратканым, айырбагын,
Сенден суранам!
Өкүнбөймүн, өзгөрүлбөйм – ушул убадам,
Өзүң менен өтсө өмүр, чексиз кубанам.

Другие песни исполнителя:

  • Куттукташып, кубанышып, Сагынычтын черин жазып. Гүл кучактап, күлүп-жайнап, Амандашып кучак жайып. Бийле, ырдап, бизди жандап, бүгүн майрамда, Аттиң кылбай, бийле тынбай, армандарда калбай. Кайырма: Бүгүн жар-жар үлпөт той, Бүгүн элиң күткөн той. Бүгүн ырдап, күлүп кой, Бүтпөсө экен ушул той. Аксакалдар бата берет, Жараткандан тынчтык сурап. Ак жоолукчан чоң энелер, Ак тилегин тилеп турат. Эркелешсе неберелер жүрөк кубанат, Оттой жанып улан-кыздар оюн-күлкү курат.
  • Акыркы ырым болсо да, Сен үчүн бул жаралды. Мен умтулуп жетпесем да, Укчу ушул ырымды. Бул ирет мен таба албаймын, Адашкан бул жолумду. Элесиңе мен суктанам, Эңсеп, бөлүп оюмду. Кайырма: Кош бол, сүйүү! Ак сезимден адашкан, Алыс менден бараткан. Айыкпас бул жарааттан, Жүрөк сыздаган… Сүйүүдө болот коштошуу, Арман ошол, жетпесең. Жүрөгүмдөгү кайгылуу, Ойдон чыгат эстесем. Балким, башканы сүйөсүң, Бактылуусуң сен анда. Эми сен алыс жүрөсүң…