Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызстан»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Бир канча жолу көрсөм дагы, Негедир кумарым канбады. Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага, Аткарып селки башкы ролду. Атайын терспи ал же оңбу? Ансайын ойго салчу болду, Сыр болуп мага. Кайырма: Бир көрүүдөн сени сүйгөм, Өмүрүмдө махабаттын таңы аткан го. Кыял козгоп, кыяк боздоп, Термелемин сезимдерде жаңырып танго. Айласыз күнгө кабылган кез, Сагынтып назик, сүйкүм элес. Келер деп аны жолдон эмес, Күтөм экрандан. Кинодон сүйүп жүрүп эле, Акырын унутарсың дебе. Мен үчүн өмүрүмдө деле, Ал башкы каарман.
  • Бизди жандап барат үмүт, Карап койчу, тагдыр, күлүп. Баратамын, барган сайын, жашоо, сени сүйүп. Бешигине салып баккан, Эркелетип энем, атам тапкан. Кайырма: Ала-Тоонун жашоо сонун, Кенен кыл биз түшкөн бакыт жолун. Асан-Үсөн айдан түшкөн, Жер бети жаңырсын биздин күлкүбүздөн. Кол кармашып бирге баскан, Күбө болуп көпкөк асман, Ууз сүйүүнү утур алып, эркем, мен да шашкам. Жаз жыттанган тоонун гүлү, Кубанамын сүйүп сени ар бир күнү. Кайырма: Ала-Тоонун жашоо сонун, Кенен кыл биз түшкөн бакыт жолун. Асан-Үсөн айдан түшкөн, Жер бети жаңырсын биздин күлкүбүздөн. Жашооңду нурда, биз менен ырда, Кайрылбай өмүр, уланат жылга. Жалында, жырга, уялып турбагыла, Асманың ачык, жылдыз нур чачып, Жаңы таң атып турса, Билгенге ушул бакыт.
  • Ийинимде артылган, куржун толо ырым бар, Жүрөгүмдө басылган, сандык толо сырым бар. Чырмалышкан дүйнөмө, чечилбеген түйүн бар, Теңеле албай башкага, тебеленген сүйүүм бар. Кайырма: А мен пенде шашпаган, Жараланган, аксаган. Жараткандан бак тилеп, Жаман жолго баспаган. А мен пенде жашыкмын, Дале болсо ашыкмын, Аруу сүйгөн жан элем, Кай жеримден жазыктым. Арман менен кайгымды, айтып берет кайрыгым, Андан башка мүмкүн жок, ошол менин байлыгым. Ыдыраткан жашоомду, ырас ошол түйүн бар, Ырым муңдуу болсо да, ызаланган сүйүүм бар.