Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жашоону суйом»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бизди жандап барат үмүт,
Карап койчу, тагдыр, күлүп.
Баратамын, барган сайын, жашоо, сени сүйүп.
Бешигине салып баккан,
Эркелетип энем, атам тапкан.
Кайырма:
Ала-Тоонун жашоо сонун,
Кенен кыл биз түшкөн бакыт жолун.
Асан-Үсөн айдан түшкөн,
Жер бети жаңырсын биздин күлкүбүздөн.
Кол кармашып бирге баскан,
Күбө болуп көпкөк асман,
Ууз сүйүүнү утур алып, эркем, мен да шашкам.
Жаз жыттанган тоонун гүлү,
Кубанамын сүйүп сени ар бир күнү.
Кайырма:
Ала-Тоонун жашоо сонун,
Кенен кыл биз түшкөн бакыт жолун.
Асан-Үсөн айдан түшкөн,
Жер бети жаңырсын биздин күлкүбүздөн.
Жашооңду нурда, биз менен ырда,
Кайрылбай өмүр, уланат жылга.
Жалында, жырга, уялып турбагыла,
Асманың ачык, жылдыз нур чачып,
Жаңы таң атып турса,
Билгенге ушул бакыт.

Другие песни исполнителя:

  • Бир канча жолу көрсөм дагы, Негедир кумарым канбады. Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага, Аткарып селки башкы ролду. Атайын терспи ал же оңбу? Ансайын ойго салчу болду, Сыр болуп мага. Кайырма: Бир көрүүдөн сени сүйгөм, Өмүрүмдө махабаттын таңы аткан го. Кыял козгоп, кыяк боздоп, Термелемин сезимдерде жаңырып танго. Айласыз күнгө кабылган кез, Сагынтып назик, сүйкүм элес. Келер деп аны жолдон эмес, Күтөм экрандан. Кинодон сүйүп жүрүп эле, Акырын унутарсың дебе. Мен үчүн өмүрүмдө деле, Ал башкы каарман.
  • Cөз учугуна жетпей катып калгандай, Өз учурунда келген бакыт бааланбай. Күн өткөн сайын күч алып, күйүткө салып кусалык, Жоготуп сүйүүмдү издеп турам түбөлүк. Кайырма: Бакыт кушу келгенин, байкабадым неге мен Арзыбаган пенденин асыл жары сен белең Кечиккен соң издеп айласын, Кечип келем, түйшүк дайрасын, Сен, айтчы деги, айтчы жаным кайдасың? Миң тегеренип чыксам деле дүйнөнү, Мен, билип келем өзүм гана күнөөлүү, Жүрөгүмө баарын катып, жүрөсүңбү ойго батып, Баарынан түңүлүп суусуз калган гүл өңдүү.