Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Жаным издеген, жүрөк эңсеген,
Жан дүйнөмдүн жарыгы белең?
Деңиздей терең ак сүйүүм менин,
Арзуу арнап өзүңө келем.
Кайырма:
Сен, кара көз жаным сен,
Сезимге берчи дем.
Жүрөгүн бербеген,
Тагдырым сен белең?
Таалайым сен белең?
Байланып, конуп, ак шумкар болуп,
Серпип сүйүүнү учуп келейин.
Бакытка толуп, обонум созуп,
Жүрөк сырын ырдап берейин.
Кайырма
Бакытка балкып, мейкинге калкып,
Махабатка мас болуп адам.
Кыялга батып, таңдарым атып,
Таалайымдын кең жолун табам.

Другие песни исполнителя:

  • Cөз учугуна жетпей катып калгандай, Өз учурунда келген бакыт бааланбай. Күн өткөн сайын күч алып, күйүткө салып кусалык, Жоготуп сүйүүмдү издеп турам түбөлүк. Кайырма: Бакыт кушу келгенин, байкабадым неге мен Арзыбаган пенденин асыл жары сен белең Кечиккен соң издеп айласын, Кечип келем, түйшүк дайрасын, Сен, айтчы деги, айтчы жаным кайдасың? Миң тегеренип чыксам деле дүйнөнү, Мен, билип келем өзүм гана күнөөлүү, Жүрөгүмө баарын катып, жүрөсүңбү ойго батып, Баарынан түңүлүп суусуз калган гүл өңдүү.
  • Бир канча жолу көрсөм дагы, Негедир кумарым канбады. Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага, Аткарып селки башкы ролду. Атайын терспи ал же оңбу? Ансайын ойго салчу болду, Сыр болуп мага. Кайырма: Бир көрүүдөн сени сүйгөм, Өмүрүмдө махабаттын таңы аткан го. Кыял козгоп, кыяк боздоп, Термелемин сезимдерде жаңырып танго. Айласыз күнгө кабылган кез, Сагынтып назик, сүйкүм элес. Келер деп аны жолдон эмес, Күтөм экрандан. Кинодон сүйүп жүрүп эле, Акырын унутарсың дебе. Мен үчүн өмүрүмдө деле, Ал башкы каарман.
  • Ээлеген эрке жел чырайын, Энчилеп алууну сурайын. Көп күндү уйкусуз өткөрдүм, Болсо деп келечек жубайым. Издеп бактымды жолуңду карагам, Арылбай муңдуу санаадан. Түшүмдө билсең колуңду кармагам, Ал түштү ойдо сактагам. Кайырма: Жанымдай сезилесиң сен мага, Теңи жүрөктүн өзүң тек гана. Жаңылбай убакыттар өтсө да, Болсунчу биздин жолдор бир гана. Махабат кемеси сүйүүнүн, Бир болуу — түбөлүк үмүтүм. Ааламдын ажарын атайын, Арнагым келет бир сен үчүн. Издеп бактымды жолуңду карагам, Арылбай муңдуу санаадан. Түшүмдө билсең колуңду кармагам Ал түштү ойдо сактагам.