Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кош бол суйуу»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Акыркы ырым болсо да,
Сен үчүн бул жаралды.
Мен умтулуп жетпесем да,
Укчу ушул ырымды.
Бул ирет мен таба албаймын,
Адашкан бул жолумду.
Элесиңе мен суктанам,
Эңсеп, бөлүп оюмду.
Кайырма:
Кош бол, сүйүү!
Ак сезимден адашкан,
Алыс менден бараткан.
Айыкпас бул жарааттан,
Жүрөк сыздаган…
Сүйүүдө болот коштошуу,
Арман ошол, жетпесең.
Жүрөгүмдөгү кайгылуу,
Ойдон чыгат эстесем.
Балким, башканы сүйөсүң,
Бактылуусуң сен анда.
Эми сен алыс жүрөсүң…

Другие песни исполнителя:

  • Кыйналсам ойлогон, жыгылсам колдогон, Жүрөгү мага тамырлаш… Чарчасам дем берген, билгенин тең бөлгөн, Сендей дос такыр табылбас! Кайырма: Эң жакын досум, эң асыл досум, Кеңеш айтып, кубат берген жанга. Эң жакын досум, эң асыл досум, Колум узун жанымда сен барда. Достуктан чеп куруп, намыска бек туруп, Чогулуп далай кырды аштың… Бүткөнчө өмүрлөр, калбасын көңүлдөр, Мен үчүн дайым кымбатсың
  • Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм, Чыйралдым сенден, жаштык, ай. Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм, Арман жок сенден, жаштык, ай, сенден, жаштык, ай. Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды, Өткүндөй белең, жаштык, ай? Тергетер сүр калды, термелип гүл калды, Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай? Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай. Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок, Таза элең дайым, жаштык, ай. Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок, Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай. Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай. Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.
  • Ийинимде артылган, куржун толо ырым бар, Жүрөгүмдө басылган, сандык толо сырым бар. Чырмалышкан дүйнөмө, чечилбеген түйүн бар, Теңеле албай башкага, тебеленген сүйүүм бар. Кайырма: А мен пенде шашпаган, Жараланган, аксаган. Жараткандан бак тилеп, Жаман жолго баспаган. А мен пенде жашыкмын, Дале болсо ашыкмын, Аруу сүйгөн жан элем, Кай жеримден жазыктым. Арман менен кайгымды, айтып берет кайрыгым, Андан башка мүмкүн жок, ошол менин байлыгым. Ыдыраткан жашоомду, ырас ошол түйүн бар, Ырым муңдуу болсо да, ызаланган сүйүүм бар.