Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эен жакын досум»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кыйналсам ойлогон, жыгылсам колдогон,
Жүрөгү мага тамырлаш…
Чарчасам дем берген, билгенин тең бөлгөн,
Сендей дос такыр табылбас!
Кайырма:
Эң жакын досум, эң асыл досум,
Кеңеш айтып, кубат берген жанга.
Эң жакын досум, эң асыл досум,
Колум узун жанымда сен барда.
Достуктан чеп куруп, намыска бек туруп,
Чогулуп далай кырды аштың…
Бүткөнчө өмүрлөр, калбасын көңүлдөр,
Мен үчүн дайым кымбатсың

Другие песни исполнителя:

  • Бир канча жолу көрсөм дагы, Негедир кумарым канбады. Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага, Аткарып селки башкы ролду. Атайын терспи ал же оңбу? Ансайын ойго салчу болду, Сыр болуп мага. Кайырма: Бир көрүүдөн сени сүйгөм, Өмүрүмдө махабаттын таңы аткан го. Кыял козгоп, кыяк боздоп, Термелемин сезимдерде жаңырып танго. Айласыз күнгө кабылган кез, Сагынтып назик, сүйкүм элес. Келер деп аны жолдон эмес, Күтөм экрандан. Кинодон сүйүп жүрүп эле, Акырын унутарсың дебе. Мен үчүн өмүрүмдө деле, Ал башкы каарман.
  • Ийинимде артылган, куржун толо ырым бар, Жүрөгүмдө басылган, сандык толо сырым бар. Чырмалышкан дүйнөмө, чечилбеген түйүн бар, Теңеле албай башкага, тебеленген сүйүүм бар. Кайырма: А мен пенде шашпаган, Жараланган, аксаган. Жараткандан бак тилеп, Жаман жолго баспаган. А мен пенде жашыкмын, Дале болсо ашыкмын, Аруу сүйгөн жан элем, Кай жеримден жазыктым. Арман менен кайгымды, айтып берет кайрыгым, Андан башка мүмкүн жок, ошол менин байлыгым. Ыдыраткан жашоомду, ырас ошол түйүн бар, Ырым муңдуу болсо да, ызаланган сүйүүм бар.
  • Акыркы ырым болсо да, Сен үчүн бул жаралды. Мен умтулуп жетпесем да, Укчу ушул ырымды. Бул ирет мен таба албаймын, Адашкан бул жолумду. Элесиңе мен суктанам, Эңсеп, бөлүп оюмду. Кайырма: Кош бол, сүйүү! Ак сезимден адашкан, Алыс менден бараткан. Айыкпас бул жарааттан, Жүрөк сыздаган… Сүйүүдө болот коштошуу, Арман ошол, жетпесең. Жүрөгүмдөгү кайгылуу, Ойдон чыгат эстесем. Балким, башканы сүйөсүң, Бактылуусуң сен анда. Эми сен алыс жүрөсүң…