Казахские песни Узбекские песни

Песня «Шербетим»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Ийинимде артылган, куржун толо ырым бар, Жүрөгүмдө басылган, сандык толо сырым бар. Чырмалышкан дүйнөмө, чечилбеген түйүн бар, Теңеле албай башкага, тебеленген сүйүүм бар. Кайырма: А мен пенде шашпаган, Жараланган, аксаган. Жараткандан бак тилеп, Жаман жолго баспаган. А мен пенде жашыкмын, Дале болсо ашыкмын, Аруу сүйгөн жан элем, Кай жеримден жазыктым. Арман менен кайгымды, айтып берет кайрыгым, Андан башка мүмкүн жок, ошол менин байлыгым. Ыдыраткан жашоомду, ырас ошол түйүн бар, Ырым муңдуу болсо да, ызаланган сүйүүм бар.
  • Жигиттербиз шок, жүрөгүндө от, Ар түркүн кыялга баткан, Сезимде кир жок, көңүлдөрү ток, Кайгысыз көчөдө баскан. Кайырма: Оппа, оппа жигиттер, Жаштыктын жүрөгү. Оп, эй жигиттер, Намыстын тиреги. Оппа, оппа жигиттер, Сүйүүгө мас болгон, Оп, эй жигиттер, Калгыла жаш бойдон. Жалындуу жүрөк, жүз кызды сүйөт. Жакшы кыз табышты Кудайдан тилеп. Кара көз сынап, чыкпаса кыйнап, Калабыз көчөдө түнөп. Сүрөттөрү көп, бирк бирдик жок, Телефон көтөрөт темеле кымбат. Көз айнек тагат, колунда бар саат, Акча жок чөнтөктө сурасаң чындап. Жашообуз кызык, тилектер тунук, Максаты аскадай бийик. Жолдон кайтпаган, жок деп айтпаган, Биз азыр берешен жигит. Кайырма: Мактанууга зар, машинеси бар, Сурасаң баары бир атасыныкы ал. Колунда бүт бар, ишетеген иши бар, Дагы да, атасыныкы да ал. Силерде өзү эмне бар, а? Жигиттерде күч бар, таттуу көргөн түш бар, Көңүлдүү ыргак, акчадан кымбат. Улууга урмат, кичүүгө ызат, Жаштык, сүйүү, намыс, Жакшы нерсе бүт бар.
  • Өкүнүчтөн өзүмдөн-өзүм кыйналдым, Өзөгүмдөн өртүмдү билбей кыйнадың. Жалган сенин, жасалма айткан ал сөздөрүң, Арман кылдым, адаштым, бирок мен сынбадым. Кайырма: Аттиң, арман, мага салган, Маңдайыма жазган го жалган. Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан. Чыйрыгамын, махабатымдан айрылып, Чыдай албай жүрөмүн өксүп, кайгырып. Түшүнбөдүм, ким менен кеттиң, сен кай жакка? Өткөн өмүр өкүнөм келбейт го кайрылып. Кайырма: Аттиң, арман, мага салган, Маңдайыма жазган го жалган. Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан. Жаңылдым го, бирок түшүнбөйм, Сенсиз, бирок өкүнбөйм. Аттиң, арман, жазган го жалган, Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.