Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жолдор башка»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өкүнүчтөн өзүмдөн-өзүм кыйналдым,
Өзөгүмдөн өртүмдү билбей кыйнадың.
Жалган сенин, жасалма айткан ал сөздөрүң,
Арман кылдым, адаштым, бирок мен сынбадым.
Кайырма:
Аттиң, арман, мага салган,
Маңдайыма жазган го жалган.
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.
Чыйрыгамын, махабатымдан айрылып,
Чыдай албай жүрөмүн өксүп, кайгырып.
Түшүнбөдүм, ким менен кеттиң, сен кай жакка?
Өткөн өмүр өкүнөм келбейт го кайрылып.
Кайырма:
Аттиң, арман, мага салган,
Маңдайыма жазган го жалган.
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.
Жаңылдым го, бирок түшүнбөйм,
Сенсиз, бирок өкүнбөйм.
Аттиң, арман, жазган го жалган,
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.

Другие песни исполнителя:

  • Жар-жар айтып жаңы бакытым, Кадам таштап турмуш жолуна. Салам айтып ийип башыңды, Түгөйү болуп түштүң жолуна. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарың бирге болсун, Таалай, бакыт кушу консун. Жүрөгүңдө ыйман болсун, Өмүрүңө Кудай жүзүн бурган болсун. Гүлдөй назик кылдан болсун, Аппак жүзүң нурдан болсун. Салам айтам эми каралдым, Карындашым менин секелек. Унутпаймын куурчак ойногон, Эркетайым эстен кете элек. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарың бирге болсун, Таалай, бакыт кушу консун. Жүрөгүңдө ыйман болсун, Өмүрүңө Кудай жүзүн бурган болсун. Гүлдөй назик кылдан болсун, Аппак жүзүң нурдан болсун. Жар-жар айтып, бүгүн жашыдым, Сүйүнүчтөн ысык жаш агып. Жар-жар айтып эми ата-энеӊ, Турмуш жолду салды, гүл тагып. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарыӊ бирге болсун, Таалай бакыт кушу консун. Жүрөгүӊдө ыйман болсун, Өмүрүӊө Кудай жүзүн бурган болсун.
  • Жигиттербиз шок, жүрөгүндө от, Ар түркүн кыялга баткан, Сезимде кир жок, көңүлдөрү ток, Кайгысыз көчөдө баскан. Кайырма: Оппа, оппа жигиттер, Жаштыктын жүрөгү. Оп, эй жигиттер, Намыстын тиреги. Оппа, оппа жигиттер, Сүйүүгө мас болгон, Оп, эй жигиттер, Калгыла жаш бойдон. Жалындуу жүрөк, жүз кызды сүйөт. Жакшы кыз табышты Кудайдан тилеп. Кара көз сынап, чыкпаса кыйнап, Калабыз көчөдө түнөп. Сүрөттөрү көп, бирк бирдик жок, Телефон көтөрөт темеле кымбат. Көз айнек тагат, колунда бар саат, Акча жок чөнтөктө сурасаң чындап. Жашообуз кызык, тилектер тунук, Максаты аскадай бийик. Жолдон кайтпаган, жок деп айтпаган, Биз азыр берешен жигит. Кайырма: Мактанууга зар, машинеси бар, Сурасаң баары бир атасыныкы ал. Колунда бүт бар, ишетеген иши бар, Дагы да, атасыныкы да ал. Силерде өзү эмне бар, а? Жигиттерде күч бар, таттуу көргөн түш бар, Көңүлдүү ыргак, акчадан кымбат. Улууга урмат, кичүүгө ызат, Жаштык, сүйүү, намыс, Жакшы нерсе бүт бар.
  • Биз экөөбүз бирде жолугуп, кээде таппай адашып, Кесилишип кайкып каректер, бирде тиктеп карашып, Билмексенбиз балким деп ойлойм, экөөбүз тен жашынып, Бирде жалган айтып, бирде сөздөн качып, Жүрөбүз дейм адашып. Кайырма: Көңүл сезим калды сага байланып, Асманымда ак булуттай айланып, Сени сүйүп жүрүү кандай керемет, Күндүзү күн, а түндөсү ай жарык. Капилеттен дейбиз, а бирок, болот турмуш ар кандай, Табышаарбыз балким таппайбыз, болот тагдыр жазгандай, Бир болорбуз балким акыры, эриш-аркак жарашып, Аруу тилек айтып, ак сүйүүдөн кайтып, Түбөлүккө жанашып.