Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тазасы барбы»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Алдады мени ак сүйүүм,
Алмашты менин сүйгөнүм.
Тахмина сулуу бузбаган,
Тазасы барбы сүйүүнүн?
Кайырма:
Тазасы барбы?
Жалганы барбы?
Жазганым барбы?
Кайгысын эстеп ал күндүн,
Чече албай сыздайм түйүнүн.
Бегимай сулуу сактаган,
Бекеми барбы сүйүүнүн?
Кайырма:
Бекеми барбы?
Жалганы барбы?
Булактай элең сен мурда,
Булгандың эми сузарда.
Жеңил ой бийлеп өзүңдү,
Жеңилдиң беле кумарга?
Кайырма:
Жеңилдиң беле?
Кейисең деле,
Кечирбейм деле

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Жаным издеген, жүрөк эңсеген, Жан дүйнөмдүн жарыгы белең? Деңиздей терең ак сүйүүм менин, Арзуу арнап өзүңө келем. Кайырма: Сен, кара көз жаным сен, Сезимге берчи дем. Жүрөгүн бербеген, Тагдырым сен белең? Таалайым сен белең? Байланып, конуп, ак шумкар болуп, Серпип сүйүүнү учуп келейин. Бакытка толуп, обонум созуп, Жүрөк сырын ырдап берейин. Кайырма Бакытка балкып, мейкинге калкып, Махабатка мас болуп адам. Кыялга батып, таңдарым атып, Таалайымдын кең жолун табам.
  • Куттукташып, кубанышып, Сагынычтын черин жазып. Гүл кучактап, күлүп-жайнап, Амандашып кучак жайып. Бийле, ырдап, бизди жандап, бүгүн майрамда, Аттиң кылбай, бийле тынбай, армандарда калбай. Кайырма: Бүгүн жар-жар үлпөт той, Бүгүн элиң күткөн той. Бүгүн ырдап, күлүп кой, Бүтпөсө экен ушул той. Аксакалдар бата берет, Жараткандан тынчтык сурап. Ак жоолукчан чоң энелер, Ак тилегин тилеп турат. Эркелешсе неберелер жүрөк кубанат, Оттой жанып улан-кыздар оюн-күлкү курат.
  • Бир канча жолу көрсөм дагы, Негедир кумарым канбады. Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага, Аткарып селки башкы ролду. Атайын терспи ал же оңбу? Ансайын ойго салчу болду, Сыр болуп мага. Кайырма: Бир көрүүдөн сени сүйгөм, Өмүрүмдө махабаттын таңы аткан го. Кыял козгоп, кыяк боздоп, Термелемин сезимдерде жаңырып танго. Айласыз күнгө кабылган кез, Сагынтып назик, сүйкүм элес. Келер деп аны жолдон эмес, Күтөм экрандан. Кинодон сүйүп жүрүп эле, Акырын унутарсың дебе. Мен үчүн өмүрүмдө деле, Ал башкы каарман.