Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айнагуль»
исполнителя Нурзат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бешенең гана Чолпон да жангандай,
Беш Үркөр гана чыга калгандай.
Жарк этип күлсөң кайрылып,
Айнагүл, жайкы таң ак супа салгандай.
Көздөрүң кана каухар да жанганда,
Көңүлдү гана тартып алганда.
Жаштыктын жыпар гүлүсүң,
Айнагүл, жыттаса эле кумар кангандай.
Бүткөндөй гана күндүн нурунан,
Күлкүңө гана денем жылыган.
Айлуу бир түндө сыр чечип,
Айнагүл, айтканың ойго уюган.
Телмире карап тиктеп да күлгөнүң,
Таңындай гана жарык дүйнөнүн.
Болочок үчүн шерт кылып,
Айнагүл, бир гана сенсиң сүйгөнүм.

Другие песни исполнителя:

  • Ат арыбас болсочу, Жаш карыбас болсочу, Жаратканы чын болсо Жайжайына койсочу. Чөп куурабас болсочу, Көл тунарбас болсочу. Кызыл өңдөн нур кетип, Кыз кубарбас болсочу. Жибек оңбос болсочу, Жигит өлбөс болсочу. Жигит менен кыз өлсө, Жерге көмбөс болсочу. Кайран өмүр жыйырма беш, Жашка барар болсочу. Кайран жашты кол менен, Жасап алар болсочу.
  • Күндө (бир) күндө (ай) кездешем, Күлө (бир) карап (ой) беттешем. Оору (бир) болуп (эй) жүрбөйүн, Ойдогу сырды (ай) чечпестен. Кете электе (ай) улгайып, Карап (бир) койчу (эй), Карап (бир) койчу (ай) жылмайып. Басып (бир) өттүк (ой) кыр калды, Балалык бизден (ай) уурдалды. Өмүр (бир) кыска (эй) жол узун, Өткөрбөйлүк (ай) кырдаалды. Кете электе (ай) улгайып, Карап (бир) койчу (эй), Карап (бир) койчу (ай) жылмайып. Карыйбыз улам (ай) күн өтсө, Кабакка булут (ой) түнөтпө. Туйдуң (бир) бекен (эй) жок бекен, Турганың дайым (эй) жүрөктө. Кете электе (ай) улгайып, Карап (бир) койчу (эй), Карап (бир) койчу (ай) жылмайып. Кебездей жумшак (ай) мүнөзүң, Келтирет бакыт (ой) күбөсүн. Калыптанган (ой) күбөсүн. Калыптанган (эй) эмедей, Каректе калды (эй) сүрөтүң. Кете электе (ай) улгайып, Карап (бир) койчу (эй), Күлүп (бир) койчу (ай) жылмайып.