Казахские песни Узбекские песни

Песня «Биз Кыргызбыз»
исполнителя Нурзат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Көрүндүң ай көзгө иримде, Көп карап ай жалт-жалт тигилем. Кете алгыс кылып байладың, Керемет ай сүйүү, Керемет ай сүйүү жибине. Карашың мага ок болуп, Жалындайт ай билем чок болуп. Арнаган жылуу сөздөрүң, Кабылсам ай кетет, Кабылсам ай кетет жок болуп. Созулуп ай жылга күн өттү, Соолуду ай жазга гүл өнүп. Жолукпай кантип жүрмөкпүз? Табышмактуу, сырдуу, Табышмактуу, сырдуу сүйлөшүү. “Селт” этем ай кирпик илинсе, Себепкер ай сенсиң иримде. Чыга алгыс кылып чырмадың, Сыйкырдуу ай сүйүү, Сыйкырдуу ай сүйүү жибине.
  • Ат арыбас болсочу, Жаш карыбас болсочу, Жаратканы чын болсо Жайжайына койсочу. Чөп куурабас болсочу, Көл тунарбас болсочу. Кызыл өңдөн нур кетип, Кыз кубарбас болсочу. Жибек оңбос болсочу, Жигит өлбөс болсочу. Жигит менен кыз өлсө, Жерге көмбөс болсочу. Кайран өмүр жыйырма беш, Жашка барар болсочу. Кайран жашты кол менен, Жасап алар болсочу.
  • Бешенең гана Чолпон да жангандай, Беш Үркөр гана чыга калгандай. Жарк этип күлсөң кайрылып, Айнагүл, жайкы таң ак супа салгандай. Көздөрүң кана каухар да жанганда, Көңүлдү гана тартып алганда. Жаштыктын жыпар гүлүсүң, Айнагүл, жыттаса эле кумар кангандай. Бүткөндөй гана күндүн нурунан, Күлкүңө гана денем жылыган. Айлуу бир түндө сыр чечип, Айнагүл, айтканың ойго уюган. Телмире карап тиктеп да күлгөнүң, Таңындай гана жарык дүйнөнүн. Болочок үчүн шерт кылып, Айнагүл, бир гана сенсиң сүйгөнүм.