Казахские песни Узбекские песни

Песня «Керемет суйуу»
исполнителя Нурзат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көрүндүң ай көзгө иримде,
Көп карап ай жалт-жалт тигилем.
Кете алгыс кылып байладың,
Керемет ай сүйүү,
Керемет ай сүйүү жибине.
Карашың мага ок болуп,
Жалындайт ай билем чок болуп.
Арнаган жылуу сөздөрүң,
Кабылсам ай кетет,
Кабылсам ай кетет жок болуп.
Созулуп ай жылга күн өттү,
Соолуду ай жазга гүл өнүп.
Жолукпай кантип жүрмөкпүз?
Табышмактуу, сырдуу,
Табышмактуу, сырдуу сүйлөшүү.
“Селт” этем ай кирпик илинсе,
Себепкер ай сенсиң иримде.
Чыга алгыс кылып чырмадың,
Сыйкырдуу ай сүйүү,
Сыйкырдуу ай сүйүү жибине.

Другие песни исполнителя:

  • Ат арыбас болсочу, Жаш карыбас болсочу, Жаратканы чын болсо Жайжайына койсочу. Чөп куурабас болсочу, Көл тунарбас болсочу. Кызыл өңдөн нур кетип, Кыз кубарбас болсочу. Жибек оңбос болсочу, Жигит өлбөс болсочу. Жигит менен кыз өлсө, Жерге көмбөс болсочу. Кайран өмүр жыйырма беш, Жашка барар болсочу. Кайран жашты кол менен, Жасап алар болсочу.
  • Бешенең гана Чолпон да жангандай, Беш Үркөр гана чыга калгандай. Жарк этип күлсөң кайрылып, Айнагүл, жайкы таң ак супа салгандай. Көздөрүң кана каухар да жанганда, Көңүлдү гана тартып алганда. Жаштыктын жыпар гүлүсүң, Айнагүл, жыттаса эле кумар кангандай. Бүткөндөй гана күндүн нурунан, Күлкүңө гана денем жылыган. Айлуу бир түндө сыр чечип, Айнагүл, айтканың ойго уюган. Телмире карап тиктеп да күлгөнүң, Таңындай гана жарык дүйнөнүн. Болочок үчүн шерт кылып, Айнагүл, бир гана сенсиң сүйгөнүм.
  • Катыңды алдым чын жүрөктөн айтылган, Ак кагазга алтын сөздөр жазылган. Окуп жатып ойго түштү бир элес, Ошондо мен сылагандай чачыңдан. Эске түштү бирге жүргөн күндөрүм, Тоо аралап тандап үзгөн гүлдөрүм. Кулагым шаңк-шуңк этип угулат, Көл боюнда көңүл ачып, Көл боюнда көңүл ачып жүргөнбүз. Катка жазган кабарыңды окудум, Кайра-кайра көпкө карап отурдум. Он килодон эмгек алдык дегенде, Кубанычка кучагымды толтурдум. Сүйүү жолун эмгек менен чыңайлы, Кубанычка көп кубаныч улайлы. Окуу, эмгек, экөөнө тең үйрөнсөк, Өмүрлүккө ошол берет, Түбөлүккө ошол берет убайды. Жаштык деген жайдын ысык күнүндөй, Закымданып жаштык өтөт билинбей. Бирок дайым жаш кылуучу адамды, Окуу, эмгек — соолбос өмүр гүлүндөй. Сенден башка сүйгөнүм жок, ойлогун, Кош сүйүүгө мен да убара болбоймун. Өзүң менен бирге өтсө өмүрүм, Тилек бирге орундалат, Үмүт бирге орундалат ойлогун.