Казахские песни Узбекские песни

Песня «Катка жооп»
исполнителя Нурзат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Катыңды алдым чын жүрөктөн айтылган,
Ак кагазга алтын сөздөр жазылган.
Окуп жатып ойго түштү бир элес,
Ошондо мен сылагандай чачыңдан.
Эске түштү бирге жүргөн күндөрүм,
Тоо аралап тандап үзгөн гүлдөрүм.
Кулагым шаңк-шуңк этип угулат,
Көл боюнда көңүл ачып,
Көл боюнда көңүл ачып жүргөнбүз.
Катка жазган кабарыңды окудум,
Кайра-кайра көпкө карап отурдум.
Он килодон эмгек алдык дегенде,
Кубанычка кучагымды толтурдум.
Сүйүү жолун эмгек менен чыңайлы,
Кубанычка көп кубаныч улайлы.
Окуу, эмгек, экөөнө тең үйрөнсөк,
Өмүрлүккө ошол берет,
Түбөлүккө ошол берет убайды.
Жаштык деген жайдын ысык күнүндөй,
Закымданып жаштык өтөт билинбей.
Бирок дайым жаш кылуучу адамды,
Окуу, эмгек соолбос өмүр гүлүндөй.
Сенден башка сүйгөнүм жок, ойлогун,
Кош сүйүүгө мен да убара болбоймун.
Өзүң менен бирге өтсө өмүрүм,
Тилек бирге орундалат,
Үмүт бирге орундалат ойлогун.

Другие песни исполнителя:

  • Бир өзүңсүң көңүлүмдө, Сүйүү болдуң жүрөгүмдө. Мени сендей ардактаган, Ким бар дейсиң бул өмүрдө? Кайырма: Асмандагы айдай жандың, Сен жашоомду саймаладың. Мени сүйгөн жүрөгүңдүн, Кагышынан айланайын. Сага мен да болдум кумар, Жүрөгүмө тактың тумар. Сенин сүйүүң жалындаган, Мага тирек болуп турар. Кайырма: Сенин сүйүүң алга сүрөт, Үмүт болуп менде жүрөт. Сүйкүм жүзүң көргөнүмдө, Бир мен эмес, дүйнө күлөт.
  • Океандай мелмилдеп, Оюмда терең сыр жатат. Сендеги назик жаш кыял, Сүйүүнүн дартын ырбатат. Өзүңдөн күткөн кыялым, Оо, деги качан ишке ашат. Турмуштун терең дайрасын, Толкутуп бирге кечели. Тагдырдын сыры табышмак, Түйүнүн бирге чечели, Таалайлуу адам болду деп, Таңдагы гүлдөй өсөлү. Оюмдан кетпейт ар убак, Сагынып жаздым бул катты. Жашчылык чиркин чыдатпай, Жалындатып, сыздатты, Өмүрлүккө сыйлашып, Оо, деги өткөрсөк кантет кызматты.