Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагыныч каты»
исполнителя Нурзат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Океандай мелмилдеп,
Оюмда терең сыр жатат.
Сендеги назик жаш кыял,
Сүйүүнүн дартын ырбатат.
Өзүңдөн күткөн кыялым,
Оо, деги качан ишке ашат.
Турмуштун терең дайрасын,
Толкутуп бирге кечели.
Тагдырдын сыры табышмак,
Түйүнүн бирге чечели,
Таалайлуу адам болду деп,
Таңдагы гүлдөй өсөлү.
Оюмдан кетпейт ар убак,
Сагынып жаздым бул катты.
Жашчылык чиркин чыдатпай,
Жалындатып, сыздатты,
Өмүрлүккө сыйлашып,
Оо, деги өткөрсөк кантет кызматты.

Другие песни исполнителя:

  • Алыс жүрсөм кайдасың деп, Сагынаарым Ала-Тоо. Жаз гүлүндөй жайнасын деп, Жалынаарым Ала-Тоо. Тандабадым мекенди, Тагдырыма туш болдуң. Кадырыңа жетемби? Калкың үчүн кут болдуң. Бабалар калтырган мурасым сен, Бактыга талпынган кубатым сен. Туйлатып жүрөктү Ала-Тоо, Туу болуп өнөргө турасың сен. Канат болуп учарыңа, Кагылайын Ала-Тоо. Жаштык болуп кучагыңа, Жагылайын Ала-Тоо. Көзүмдүн карасында, Калкып дайым жүрөсүң. Жалгандын арасында, Жалгыз чындык бир өзүң. Бактыга талпынаар кубатым сен, Балама калтыраар мурасым сен. Туйлатып жүрөктү Ала-Тоо, Туу болуп өмүргө турасың сен. Бабалар калтырган мурасым сен, Бактыга талпынган кубатым сен. Туйлатып жүрөктү Ала-Тоо, Туу болуп өнөргө турасың сен.
  • Көрүндүң ай көзгө иримде, Көп карап ай жалт-жалт тигилем. Кете алгыс кылып байладың, Керемет ай сүйүү, Керемет ай сүйүү жибине. Карашың мага ок болуп, Жалындайт ай билем чок болуп. Арнаган жылуу сөздөрүң, Кабылсам ай кетет, Кабылсам ай кетет жок болуп. Созулуп ай жылга күн өттү, Соолуду ай жазга гүл өнүп. Жолукпай кантип жүрмөкпүз? Табышмактуу, сырдуу, Табышмактуу, сырдуу сүйлөшүү. “Селт” этем ай кирпик илинсе, Себепкер ай сенсиң иримде. Чыга алгыс кылып чырмадың, Сыйкырдуу ай сүйүү, Сыйкырдуу ай сүйүү жибине.