Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айланайын»
исполнителя Нурзат Садыкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бир өзүңсүң көңүлүмдө,
Сүйүү болдуң жүрөгүмдө.
Мени сендей ардактаган,
Ким бар дейсиң бул өмүрдө?
Кайырма:
Асмандагы айдай жандың,
Сен жашоомду саймаладың.
Мени сүйгөн жүрөгүңдүн,
Кагышынан айланайын.
Сага мен да болдум кумар,
Жүрөгүмө тактың тумар.
Сенин сүйүүң жалындаган,
Мага тирек болуп турар.
Кайырма:
Сенин сүйүүң алга сүрөт,
Үмүт болуп менде жүрөт.
Сүйкүм жүзүң көргөнүмдө,
Бир мен эмес, дүйнө күлөт.

Другие песни исполнителя:

  • Бешенең гана Чолпон да жангандай, Беш Үркөр гана чыга калгандай. Жарк этип күлсөң кайрылып, Айнагүл, жайкы таң ак супа салгандай. Көздөрүң кана каухар да жанганда, Көңүлдү гана тартып алганда. Жаштыктын жыпар гүлүсүң, Айнагүл, жыттаса эле кумар кангандай. Бүткөндөй гана күндүн нурунан, Күлкүңө гана денем жылыган. Айлуу бир түндө сыр чечип, Айнагүл, айтканың ойго уюган. Телмире карап тиктеп да күлгөнүң, Таңындай гана жарык дүйнөнүн. Болочок үчүн шерт кылып, Айнагүл, бир гана сенсиң сүйгөнүм.
  • Көрүндүң ай көзгө иримде, Көп карап ай жалт-жалт тигилем. Кете алгыс кылып байладың, Керемет ай сүйүү, Керемет ай сүйүү жибине. Карашың мага ок болуп, Жалындайт ай билем чок болуп. Арнаган жылуу сөздөрүң, Кабылсам ай кетет, Кабылсам ай кетет жок болуп. Созулуп ай жылга күн өттү, Соолуду ай жазга гүл өнүп. Жолукпай кантип жүрмөкпүз? Табышмактуу, сырдуу, Табышмактуу, сырдуу сүйлөшүү. “Селт” этем ай кирпик илинсе, Себепкер ай сенсиң иримде. Чыга алгыс кылып чырмадың, Сыйкырдуу ай сүйүү, Сыйкырдуу ай сүйүү жибине.
  • Сүйүү деген укмуш дүйнөнүн, Кереметин келет сүйлөгүм. Сездирбеген жандай серпилип, Сен деп жашап келем сүйгөнүм. Кайырма: Сен белемсиң жүрөктүн теңи, Айта албаймын оюмду деги. Кыялымда күтө беремин, Сүйөмүн, сүйөмүн сени. Жандай басып бирге жүрбөдүң, Жактырамын жайнап, күлгөнүң. Билдире албай ички сырымды, Кыйналганым такыр билбедиң.