Казахские песни Узбекские песни

Песня «Озуно качан жолугам»
исполнителя Малик Аликеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эркелей кармап колуӊдан,
Эртеӊ мен сага жолугам.
Азыр мен турам жете албай,
Кантем эми, айламдын жогунан.
Айламдын гана жогунан.
Каранып улам саатты,
Сагынып бүткөн таӊ атты.
Жүрөгүм туйлайт тиктесем,
Кантем эми, сен келе турган,
Сен келе турган тарапты.
Ойлосом колуӊ кармаарым,
От болуп күйөт жан жагым.
Жылдызды жүрөм аралап,
Кантем эми, жытыӊды искеп, ардагым.
Жытыӊды искеп, ардагым.
Үмүтүм кантип үзөйүн,
Үзүлүп жаным күтөйүн.
Дендароо кылбай, кол булга,
Сен үчүн мен деӊизден деңиз,
Деӊизден деңиз сүзөйүн.

Другие песни исполнителя:

  • Бул турмуштун тартибине баш ийип, Курдаш кыздар, келин болуп кеттиңер. Өз колунан өз оозуна аш тийип, Курдаш балдар, эр-азамат жеттиңер. Кайырма: Мен отурам бүгүн тиктеп көчөнү, Биз баарыбыз чогуу жүргөн кечээги. Биздин жаштык калды күндө кечээги. Баарыбыз тең болбогон соң, текши улуу, Бир көчөгө чоң эстелик коюлбас. Мен силерди дайым эстейм кечкурун, Карып бара жаткан балдар, моюндаш. Кайырма: Мен отурам бүгүн тиктеп көчөнү, Биз баарыбыз чогуу жүргөн кечээги. Биздин жаштык калды күндө кечээги, Ошол күндөр такыр эстен кетпеди. Биздер эми кайда гана барбайлы, Кайсы жерге түшсөк дагы эчели. Картайганда канча курбу тандайлы, Бирибизге бирибизбиз эстелик. Кайырма: Мен отурам бүгүн тиктеп көчөнү, Биз баарыбыз чогуу жүргөн кечээги. Биздин жаштык калды күндө кечээги, Биздин жаштык калды күндө кечээги.
  • Жүрөктө жүргөн сезим каргыл болуп, Күткөнмүн күндө ойлонуп, калбыр болуп. Келбедиӊ ак кайыӊдан, салаалаган Тамчыдай жашым акты, жамгыр болуп. Ал сезим калмак элес, санат болуп, Канымды кайнатыӊ сен шарап болуп. Келбедиӊ жапжаш сүйүүм жабыркады, Добулда жерге ийилген дарак болуп. Жарына жеткендерде кандай арман? Сен кеттиӊ жарым болбой ардакталган. Мен боздоп бопбош калдым өмүр бою, Уядай боз торгою келбей калган. Келбесиӊ калган убак анык болуп, Жүрөсүӊ анда кимге жарык болуп? Секетим, сени ойлонуп муӊданамын, Суу акпай какшып калган арык болуп. Секетиӊ күндө ойлонуп, муӊканамын, Өзүӊсүз өткөргөн күн супсак болуп. Жүрөсүӊ алда кимге жарык болуп?
  • Жаныӊда жарыӊ болуп, балдарыӊ да, Үйүӊдө тынчтык толгон жылуулук да, Жан досум, мени көздөй шашылбагын, Жан дүйнөӊ бөлүнбөсүн, кымкууттукка. Эрдей, эр жигиттей олтурганда, Тагдырыӊ кубанычка толтурганда, Жан досум, мени көздөй ашыкпагын, Жан үрөп кабылбагын опурталга. Үзөӊгү буттан тайып турган кезде, Үмүтүм үзүл-кесил калган кезде. Жан досум, жанымда бол, өтүнөрүм, Тагдырым таш боорлугун салган кезде.