Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргыз бийи»
исполнителя Асема.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Отту кечип ойногон,
Оюнга, ишке тойбогон.
Оомал-төкмөл дүйнөнүн,
Оош-кыйышын оңдогон.
Ооргуп-баргып күч-кубат,
Ооруу-сыркоо болбогон.
Ошол кыргыз бий менен,
Ойдолоктоп ойгоном.
Кайырма:
Эриндери бүлкүлдөп,
Үкүлөрү үлпүлдөп.
Кыздар бийлейт ийиктей,
Ийиндери сүлкүлдөп.
Карек күйгөн биликтей,
Чарчаганды билишпей.
Бийге дене жибитпей,
Турган жигит жигитпи эй!
Шамал менен жарышкан,
Шам тилегин жагышкан.
Шаан-шөөкөттүү кыргыз эл,
Шаабайы аткан жарык таң.
Шарактаган келин-кыз,
Шайдоот жигит бери чык.
Шай оогончо бийлейли,
Шалкылдасын дене ысып.
Кайырма:
Бүткөн бойлор дүркүрөп,
Жигит сүрү күркүрөп.
Бийде кубат, күлкү көп,
Бийле турбай мүңкүрөп.
Бийле кары жаш дебей,
Бийле кубат аз дебей.
Бир келген бул өмүрдө,
Бийлеп турган жакшы эмей.

Другие песни исполнителя:

  • Тайкы ойлоп, сараң болушпай, Таңкы салкын жайкы конуштай. Жүрөк сырын бирге чечишип, Жүрөлүчү көңүл оорутпай. Кайырма: Жакын жүрсөк, оолак болушпай, Жаман айтып, аңдып тоорушпай. Мезгилибиз, мезгилибиз өтөр кош айтып, Жүрөлүчү көңүл оорутпай. Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай, Ойноп-күлсөк, ойго коюшпай. Гүлдөй назик адам көңүлү, Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.
  • Балапан ооз наристедей эркерээк, Таарынышып, кээде назик эркелеп. Бак-таалайдын туусу кылып сүйүүнү, Шашылбайбыз, улгайууга эрте деп. Жаштык узап кетип калат кайрылбай, Ак өмүрдүн алакандай айрыгы ай. Ошол кыска алакандай жаштыкты, Келчи биргем, өткөрөлүк кайгырбай. Кайырма: Мейли күндөр өтсүн күнгө алмашып, Өмүр-ажал жакындашып, арбашып. Өчпөсө экен карысак да сүйүүбүз, Жүрөктөрдөн жылуу сезим арнашып. Алыс кетсең жолуң тосуп эртелеп, Караан издеп келсе экен дейм эртерээк. Биркок мейлиң, кайда жүрсөң тилеймин, Дөөтү колдоп, жолу шыдыр болсо деп. Асылым, ашыгым, Жаныма жакыным. Кубанчым, кыйбасым Сагынчым, сырдашым. Асылым, ашыгым, Жан биргем, жакыным. Эч кимге теңебес, Эн таттуум, кымбатым.