Казахские песни Узбекские песни

Асема.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Асема

  • Отту кечип ойногон, Оюнга, ишке тойбогон. Оомал-төкмөл дүйнөнүн, Оош-кыйышын оңдогон. Ооргуп-баргып күч-кубат, Ооруу-сыркоо болбогон. Ошол кыргыз бий менен, Ойдолоктоп ойгоном. Кайырма: Эриндери бүлкүлдөп, Үкүлөрү үлпүлдөп. Кыздар бийлейт ийиктей, Ийиндери сүлкүлдөп. Карек күйгөн биликтей, Чарчаганды билишпей. Бийге дене жибитпей, Турган жигит жигитпи эй! Шамал менен жарышкан, Шам тилегин жагышкан. Шаан-шөөкөттүү кыргыз эл, Шаабайы аткан жарык таң. Шарактаган келин-кыз, Шайдоот жигит бери чык. Шай оогончо бийлейли, Шалкылдасын дене ысып. Кайырма: Бүткөн бойлор дүркүрөп, Жигит сүрү күркүрөп. Бийде кубат, күлкү көп, Бийле турбай мүңкүрөп. Бийле кары жаш дебей, Бийле кубат аз дебей. Бир келген бул өмүрдө, Бийлеп турган жакшы эмей.
  • Жаштык кайда, ал бир өткөн элестер, Кайда калды жашыл тулаң, белестер? Арманы бар, адашуу бар, эстесем, Айла канча, буга мезгил себепкер. Өтөт күндөр өмүр-жашты кемитип, Эртеңине бүгүн шашып демитип. Өкүнүчкө тоо чүмкөнгөн мөңгүдөй, Аз жыргалды көлгө айланта эритип. Өмүр ошол, өткөн күндөр чаң чыгарып чак өткөн, Арманы көп, кызыгы көп, буга мезгил себепкер. Арманы бар, адашуу бар, эстесем, Айла канча, буга мезгил себепкер. Өкүнүчкө тоо чүмкөнгөн мөңгүдөй, Аз жыргалды көлгө айланта ээритип.
  • Уйкуман серпилгенде алыс жактан, Айылдын ак таңдары эске келет. Жолунун боз чаңдары көздөн учуп, Көңүлүм өскөн жерге имерилет. Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип, Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн. Апалар таңда туруп уй сааганда, Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн. Туулган жер, кудуретиң сагындырып, Элесиң көз алдыма мелт-калт этет. Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип, Yмүтүм закымдарга батып кетет.
  • Көздөрүнө өзгөнүн, Окшобогон көздөрүң… Мынча көпкө тигилип, Менден нени көздөдүң? Айтчы, эмне? Арзуубу же Азгырыкпы сөздөрүң? Кайырма: Тийген кезде колума, Чоктой ысык эриниң. Коргошундай колуңда, Балмуздактай эридим. Кош билегиң билерик, Боорго тартып имерип. Көздөрүмө көзүңдү, Көз ирмемге жиберип, Окуп алдың сен мени, Тапканымды тиленип.
  • Сен өзүң ыр окшойсуң түгөнбөгөн, Эриниң, каректериң, каштарың да. Асем кыз айтып, жазып бүтө албаган, Ыргагы окшойт ырдын басканың да. Кайырма: Ах, кандай кереметсиң, жакшынасың, Саат санап сагынтасың, жакшырасың. Акылдан адаштырып, айтчы неге? Ар башка азабыңды тарттырасың? Мен сени жазып бүтпөйт көрүнөмүн, Элесиң ээрчийт, ойго чөмүлөмүн. Көлкүлдөп ырга айланып өзүм дагы, Ак кардай кагазыма төгүлөмүн.
  • Жарыгым менин, кумарың жалбыз жытындай, Сезимге шербет, сөзүңдүн оттой ысыгы, ай! Эсиме келбей, элбиреп турам өзүң деп, Тай кулун туйлап жаткансып жүрөк тушумда. Албырып турган жүзүмдөн байка сүйүүмдү, Жактырам, жаным, жалбарган шыбыр үнүңдү. Магдырап барам, керемет келе калгандай, Майрамдай сезип, сен менен өткөн күнүмдү. Кайырма: Сүйөм сени, сүйөм сени сүйүүдөн эч чарчабай, Күтөм сени, күтөм сени күтүүдөн эч тажабай. Отуна күйдүр, бул дүйнө бизге түбөлүк, Белекке келген кемибей турган энчиби? Жалының барда жанарың болсо жанып кал, Жалп этип өчсөк, жыйнаган күнү келчүбү?
  • Кайырма: Менин жаным, жаным, өзүңдү тандадым, Карегиңе чөгүп бакыт балын таптым. Менин жаным, жаным, арнайм сага баарын, Түбөлүккө өзүң деп жашаймын. Эркелеп турсам да жарашат мага да, сага да, Өмүрүм белек деп жалгыз сага, сага. Кайырма: Көзүмдү жумсам да сезимим жалынын жарымын, Таянам тагдырда жалгыз сага, сага.
  • Атакем менин Ата, мен үчүн, Өмүр демисиң, Жан дүйнөңдү тосуп ызгаарга, Эркин учамын, Тоодой кучагың, Бактылуумун ата сиз барда. Кайырма: Ай, Күнүм дедиң, Атакем менин, Аскадай бийик дүйнөмсүз атаке. Ааламым дедиң, Атакем менин, Кызым деп дайым сүйгөнсүз атаке. От болуп күйүп, Ордуңуз бийик, Кадырыңды даңктаймын ата, Эч кылбай капа, Кетирбей ката, Үмүтүңдү актаймын ата!
  • Жаш кылгырат кирпигимди ирмесем, Азап күтөм эгер түшкө кирбесең. Мен шар суумун, кулагыңды тундурган, Кантмек элем какшаганды билбесең? Кайырма: Саламат жүр табигаттан суранам, Жетпесем да жеңиши, Жетпесем да жеңиши, Жеңиши жок убарам… Сүйбө бирок, кол берүүдө эринден, Какшык кошуп күлгөнүңө кубанам. Жүрөт элем карааныңа жалынып, Менде болсоң жүрөктөгү бурама.
  • Ай-жылдызга тең, айкөл терең деңизден, Ай-ааламдай кең, жароокер менин периштем. Апа деген кандай, Ар бири аруу таңдай. Жыты күндүн нуру, Баркы бийик асмандай. Кайырма: Энекем, энекем менин энекем, Энекем, энекем менин берекем. Жүрөгүбүзгө мээрим сүйүү тамызган, Аялзат, эне аздектелет тарыхтан. Апа деген кандай, Ар бири аруу таңдай. Жыты күндүн нуру, Баркы бийик асмандай. Кайырма: Энекем, энекем менин энекем, Энекем, энекем менин берекем.
  • Балапан ооз наристедей эркерээк, Таарынышып, кээде назик эркелеп. Бак-таалайдын туусу кылып сүйүүнү, Шашылбайбыз, улгайууга эрте деп. Жаштык узап кетип калат кайрылбай, Ак өмүрдүн алакандай айрыгы ай. Ошол кыска алакандай жаштыкты, Келчи биргем, өткөрөлүк кайгырбай. Кайырма: Мейли күндөр өтсүн күнгө алмашып, Өмүр-ажал жакындашып, арбашып. Өчпөсө экен карысак да сүйүүбүз, Жүрөктөрдөн жылуу сезим арнашып. Алыс кетсең жолуң тосуп эртелеп, Караан издеп келсе экен дейм эртерээк. Биркок мейлиң, кайда жүрсөң тилеймин, Дөөтү колдоп, жолу шыдыр болсо деп. Асылым, ашыгым, Жаныма жакыным. Кубанчым, кыйбасым Сагынчым, сырдашым. Асылым, ашыгым, Жан биргем, жакыным. Эч кимге теңебес, Эн таттуум, кымбатым.
  • Унутам сени! Убайга салган күн менен, Оюмдан үзөм, чачамын шуру сыңары. Өзүңдө мындай жеңилдик барын билбегем, Көпөлөк болгон көңүлдөн кеткис, ынагым! Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы. Тажадым күндөн төгүлүп гана келбеген, Суранбайм сенден жарыгын мага тийгиз деп. Жолумдан кеткин, тагдырдын менби эрмеги, Күмөндөр кылып, күйбөгөн отко күйгүзбө. Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы. Жетким да келбейт сөзүңдүн жалган-чынына, Сезилбейт андан сезимдин ысык жалыны. Иренжий түшүп, ачылган сенин сырыңа, Башканын көөнүн оорутуп алдым, жарыгым! Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы.
  • Наристем, ак сүйүүмдүн данегисиң, Нур болуп, бакытыма келээримсиң. Көңүлүм эргий берет сени ойлосом, Көз көрүп, ооз ачып өбөрүмсүң. Ойлонсом эне болоор бакытымды, Жыттагым келе берет ак жытыңды. Ыңаалап көз жараарым күтө берем, Наристем, жанып турган асылымбы?! Наристем, ак батанын үзүрүсүң, Сүйүүмдүн арууланган үзүмүсүң. Дүйнөдө сенден ыйык керемет жок, Шириним кубанычтан жанат жүзүм. Нурумсуң өмүр берген таңымдагы, Бүрүмсүң искегенде жаным жаны. Үнүмсүң ыргагымды оболоткон, Сен менен көктөйт тура сүйүү багым.
  • Сүйүү-бул бирөөгө жалган, Бирөөнү жалынга салган Кандай табышмак? Ойго салат… Сүйүүгө ишенген жан бар, Кезигет адашкан жандар… Күтүп зарыга Үмүткө багына Сүйүү бар сүйсөң ишене! Адашуу жолун издебей Азабын тартат түбөлүк Махабат баркын билбеген Колдору кармашып бирге, Бактылуу күндөрдү кечкен Жандар аз эмес Азап чекпей… А көзүнөн кулаган жаштар, Кусадан өңүнөн азган Бар го далайлар Кантип айыгат? Адам болбойт сүйүү жолдон жаңылбас. Жашоо керек сынбай… Өткөн күнүң кайра артка кайрылбайт Сактоо керек бузбай…
  • Тайкы ойлоп, сараң болушпай, Таңкы салкын жайкы конуштай. Жүрөк сырын бирге чечишип, Жүрөлүчү көңүл оорутпай. Кайырма: Жакын жүрсөк, оолак болушпай, Жаман айтып, аңдып тоорушпай. Мезгилибиз, мезгилибиз өтөр кош айтып, Жүрөлүчү көңүл оорутпай. Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай, Ойноп-күлсөк, ойго коюшпай. Гүлдөй назик адам көңүлү, Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.