Казахские песни Узбекские песни

Песня «Энекем»
исполнителя Асема.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ай-жылдызга тең, айкөл терең деңизден,
Ай-ааламдай кең, жароокер менин периштем.
Апа деген кандай,
Ар бири аруу таңдай.
Жыты күндүн нуру,
Баркы бийик асмандай.
Кайырма:
Энекем, энекем менин энекем,
Энекем, энекем менин берекем.
Жүрөгүбүзгө мээрим сүйүү тамызган,
Аялзат, эне аздектелет тарыхтан.
Апа деген кандай,
Ар бири аруу таңдай.
Жыты күндүн нуру,
Баркы бийик асмандай.
Кайырма:
Энекем, энекем менин энекем,
Энекем, энекем менин берекем.

Другие песни исполнителя:

  • Таң агарган таза сезимдей, Табиятта таттуу кыялым. Тартыламын эңсеп эркелей, Анын шамын көпкө учамын. Кайырма: Кыялымда айланамын, ааламга өзүм араналамын. Кыялдарга байланамын, кылыгын койбой назданамын. Теребелге термелемин, эркиме койбой термелемин. Кыялымда айланамын, кыяладарга байланамын. Аралаймын дүйнө тегиздей, Жүрөгүмдү ээлеп махабат. Кучагымда эргип эркелей, Бирге дайым таңым агарат.
  • Жаштык кайда, ал бир өткөн элестер, Кайда калды жашыл тулаң, белестер? Арманы бар, адашуу бар, эстесем, Айла канча, буга мезгил себепкер. Өтөт күндөр өмүр-жашты кемитип, Эртеңине бүгүн шашып демитип. Өкүнүчкө тоо чүмкөнгөн мөңгүдөй, Аз жыргалды көлгө айланта эритип. Өмүр ошол, өткөн күндөр чаң чыгарып чак өткөн, Арманы көп, кызыгы көп, буга мезгил себепкер. Арманы бар, адашуу бар, эстесем, Айла канча, буга мезгил себепкер. Өкүнүчкө тоо чүмкөнгөн мөңгүдөй, Аз жыргалды көлгө айланта ээритип.
  • Атакем менин Ата, мен үчүн, Өмүр демисиң, Жан дүйнөңдү тосуп ызгаарга, Эркин учамын, Тоодой кучагың, Бактылуумун ата сиз барда. Кайырма: Ай, Күнүм дедиң, Атакем менин, Аскадай бийик дүйнөмсүз атаке. Ааламым дедиң, Атакем менин, Кызым деп дайым сүйгөнсүз атаке. От болуп күйүп, Ордуңуз бийик, Кадырыңды даңктаймын ата, Эч кылбай капа, Кетирбей ката, Үмүтүңдү актаймын ата!