Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным»
исполнителя Асема.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайырма:
Менин жаным, жаным, өзүңдү тандадым,
Карегиңе чөгүп бакыт балын таптым.
Менин жаным, жаным, арнайм сага баарын,
Түбөлүккө өзүң деп жашаймын.
Эркелеп турсам да жарашат мага да, сага да,
Өмүрүм белек деп жалгыз сага, сага.
Кайырма:
Көзүмдү жумсам да сезимим жалынын жарымын,
Таянам тагдырда жалгыз сага, сага.

Другие песни исполнителя:

  • Сүйүү-бул бирөөгө жалган, Бирөөнү жалынга салган Кандай табышмак? Ойго салат… Сүйүүгө ишенген жан бар, Кезигет адашкан жандар… Күтүп зарыга Үмүткө багына Сүйүү бар сүйсөң ишене! Адашуу жолун издебей Азабын тартат түбөлүк Махабат баркын билбеген Колдору кармашып бирге, Бактылуу күндөрдү кечкен Жандар аз эмес Азап чекпей… А көзүнөн кулаган жаштар, Кусадан өңүнөн азган Бар го далайлар Кантип айыгат? Адам болбойт сүйүү жолдон жаңылбас. Жашоо керек сынбай… Өткөн күнүң кайра артка кайрылбайт Сактоо керек бузбай…
  • Наристем, ак сүйүүмдүн данегисиң, Нур болуп, бакытыма келээримсиң. Көңүлүм эргий берет сени ойлосом, Көз көрүп, ооз ачып өбөрүмсүң. Ойлонсом эне болоор бакытымды, Жыттагым келе берет ак жытыңды. Ыңаалап көз жараарым күтө берем, Наристем, жанып турган асылымбы?! Наристем, ак батанын үзүрүсүң, Сүйүүмдүн арууланган үзүмүсүң. Дүйнөдө сенден ыйык керемет жок, Шириним кубанычтан жанат жүзүм. Нурумсуң өмүр берген таңымдагы, Бүрүмсүң искегенде жаным жаны. Үнүмсүң ыргагымды оболоткон, Сен менен көктөйт тура сүйүү багым.