Казахские песни Узбекские песни

Песня «Наристем»
исполнителя Асема.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Наристем, ак сүйүүмдүн данегисиң,
Нур болуп, бакытыма келээримсиң.
Көңүлүм эргий берет сени ойлосом,
Көз көрүп, ооз ачып өбөрүмсүң.
Ойлонсом эне болоор бакытымды,
Жыттагым келе берет ак жытыңды.
Ыңаалап көз жараарым күтө берем,
Наристем, жанып турган асылымбы?!
Наристем, ак батанын үзүрүсүң,
Сүйүүмдүн арууланган үзүмүсүң.
Дүйнөдө сенден ыйык керемет жок,
Шириним кубанычтан жанат жүзүм.
Нурумсуң өмүр берген таңымдагы,
Бүрүмсүң искегенде жаным жаны.
Үнүмсүң ыргагымды оболоткон,
Сен менен көктөйт тура сүйүү багым.

Другие песни исполнителя:

  • Ай-жылдызга тең, айкөл терең деңизден, Ай-ааламдай кең, жароокер менин периштем. Апа деген кандай, Ар бири аруу таңдай. Жыты күндүн нуру, Баркы бийик асмандай. Кайырма: Энекем, энекем менин энекем, Энекем, энекем менин берекем. Жүрөгүбүзгө мээрим сүйүү тамызган, Аялзат, эне аздектелет тарыхтан. Апа деген кандай, Ар бири аруу таңдай. Жыты күндүн нуру, Баркы бийик асмандай. Кайырма: Энекем, энекем менин энекем, Энекем, энекем менин берекем.
  • Тайкы ойлоп, сараң болушпай, Таңкы салкын жайкы конуштай. Жүрөк сырын бирге чечишип, Жүрөлүчү көңүл оорутпай. Кайырма: Жакын жүрсөк, оолак болушпай, Жаман айтып, аңдып тоорушпай. Мезгилибиз, мезгилибиз өтөр кош айтып, Жүрөлүчү көңүл оорутпай. Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай, Ойноп-күлсөк, ойго коюшпай. Гүлдөй назик адам көңүлү, Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.
  • Аялуу көңүл арзыган жандан муздады, Күтүүнүн эми бар деймин кимге кереги? Кеч күүгүм эле, жан кейип турар кысталып, Тыйынга турбай калгансыйт дүйнө кереги. Түн кирет, анан кареги мага кадалат, Өзүмө окшоп көңүлдөн жарык издеген. Жылдызым түшүп, бук болдум ызам тарабай, Туш болдум кайдан сезимге жаным түтпөгөн. Кайырма: Оорубайт денем, онтоосу ичте жүрөктүн, Ден-дароо болуп бир чекти тиктеп отурам. Айлампа турмуш ичтеги букту бийлеткин, Эртеңки күнүм кандайын билбей чочулайм. Ордумдан жылбайм асманда жылдыз толгондо, Көшөрөт сезим эрегиш таштап күчүнө. Булуттай көчөт үмүттүн жиби үзүлбөйт, Бук болгон кезде киресиң менин түшүмө. Кайырма: Ушундай сезим келет да кетет чочуду, Жылчыксыз болуп калгандай дүйнө караңгы.
  • Балапан ооз наристедей эркерээк, Таарынышып, кээде назик эркелеп. Бак-таалайдын туусу кылып сүйүүнү, Шашылбайбыз, улгайууга эрте деп. Жаштык узап кетип калат кайрылбай, Ак өмүрдүн алакандай айрыгы ай. Ошол кыска алакандай жаштыкты, Келчи биргем, өткөрөлүк кайгырбай. Кайырма: Мейли күндөр өтсүн күнгө алмашып, Өмүр-ажал жакындашып, арбашып. Өчпөсө экен карысак да сүйүүбүз, Жүрөктөрдөн жылуу сезим арнашып. Алыс кетсең жолуң тосуп эртелеп, Караан издеп келсе экен дейм эртерээк. Биркок мейлиң, кайда жүрсөң тилеймин, Дөөтү колдоп, жолу шыдыр болсо деп. Асылым, ашыгым, Жаныма жакыным. Кубанчым, кыйбасым Сагынчым, сырдашым. Асылым, ашыгым, Жан биргем, жакыным. Эч кимге теңебес, Эн таттуум, кымбатым.