Казахские песни Узбекские песни

Песня «Атакем менин»
исполнителя Асема.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Атакем менин
Ата, мен үчүн,
Өмүр демисиң,
Жан дүйнөңдү тосуп ызгаарга,
Эркин учамын,
Тоодой кучагың,
Бактылуумун ата сиз барда.
Кайырма:
Ай, Күнүм дедиң,
Атакем менин,
Аскадай бийик дүйнөмсүз атаке.
Ааламым дедиң,
Атакем менин,
Кызым деп дайым сүйгөнсүз атаке.
От болуп күйүп,
Ордуңуз бийик,
Кадырыңды даңктаймын ата,
Эч кылбай капа,
Кетирбей ката,
Үмүтүңдү актаймын ата!

Другие песни исполнителя:

  • Балапан ооз наристедей эркерээк, Таарынышып, кээде назик эркелеп. Бак-таалайдын туусу кылып сүйүүнү, Шашылбайбыз, улгайууга эрте деп. Жаштык узап кетип калат кайрылбай, Ак өмүрдүн алакандай айрыгы ай. Ошол кыска алакандай жаштыкты, Келчи биргем, өткөрөлүк кайгырбай. Кайырма: Мейли күндөр өтсүн күнгө алмашып, Өмүр-ажал жакындашып, арбашып. Өчпөсө экен карысак да сүйүүбүз, Жүрөктөрдөн жылуу сезим арнашып. Алыс кетсең жолуң тосуп эртелеп, Караан издеп келсе экен дейм эртерээк. Биркок мейлиң, кайда жүрсөң тилеймин, Дөөтү колдоп, жолу шыдыр болсо деп. Асылым, ашыгым, Жаныма жакыным. Кубанчым, кыйбасым Сагынчым, сырдашым. Асылым, ашыгым, Жан биргем, жакыным. Эч кимге теңебес, Эн таттуум, кымбатым.
  • Ай-жылдызга тең, айкөл терең деңизден, Ай-ааламдай кең, жароокер менин периштем. Апа деген кандай, Ар бири аруу таңдай. Жыты күндүн нуру, Баркы бийик асмандай. Кайырма: Энекем, энекем менин энекем, Энекем, энекем менин берекем. Жүрөгүбүзгө мээрим сүйүү тамызган, Аялзат, эне аздектелет тарыхтан. Апа деген кандай, Ар бири аруу таңдай. Жыты күндүн нуру, Баркы бийик асмандай. Кайырма: Энекем, энекем менин энекем, Энекем, энекем менин берекем.
  • Жаштык кайда, ал бир өткөн элестер, Кайда калды жашыл тулаң, белестер? Арманы бар, адашуу бар, эстесем, Айла канча, буга мезгил себепкер. Өтөт күндөр өмүр-жашты кемитип, Эртеңине бүгүн шашып демитип. Өкүнүчкө тоо чүмкөнгөн мөңгүдөй, Аз жыргалды көлгө айланта эритип. Өмүр ошол, өткөн күндөр чаң чыгарып чак өткөн, Арманы көп, кызыгы көп, буга мезгил себепкер. Арманы бар, адашуу бар, эстесем, Айла канча, буга мезгил себепкер. Өкүнүчкө тоо чүмкөнгөн мөңгүдөй, Аз жыргалды көлгө айланта ээритип.
  • Жарыгым менин, кумарың жалбыз жытындай, Сезимге шербет, сөзүңдүн оттой ысыгы, ай! Эсиме келбей, элбиреп турам өзүң деп, Тай кулун туйлап жаткансып жүрөк тушумда. Албырып турган жүзүмдөн байка сүйүүмдү, Жактырам, жаным, жалбарган шыбыр үнүңдү. Магдырап барам, керемет келе калгандай, Майрамдай сезип, сен менен өткөн күнүмдү. Кайырма: Сүйөм сени, сүйөм сени сүйүүдөн эч чарчабай, Күтөм сени, күтөм сени күтүүдөн эч тажабай. Отуна күйдүр, бул дүйнө бизге түбөлүк, Белекке келген кемибей турган энчиби? Жалының барда жанарың болсо жанып кал, Жалп этип өчсөк, жыйнаган күнү келчүбү?