Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызым»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Табият таалайына берген жерим,
Ала-Тоо ак мөңгүлүү, толгон кени.
Оргуштап булактары атырылып,
Көргөндүн көтөрүлөт жүрөк деми.
Кайырма:
Черткенде шаңшый берет үч кыл комуз,
Бабалар бата берет, кошуп добуш.
Төбөдө көпкөк асман күбө болгон,
Теңир-Тоо — ата конуш кыргыз тапкан.
Кыргызым, элим кыргызым,
Кыргызым, элим кыргызым,
Элим кыргызым…
Кыргызым кылым санап арыбаган,
Таалайы өнүп-өсүп карыбаган.
Тамшанткан Теңир-Тоонун табияты,
Сырт жактан келгендерди таңыркаткан.

Другие песни исполнителя:

  • Күн батып тоо артына, Күлмүңдөп жашына. Карачы кандай сонун, Кечкиси Кочкорумда! Кайырма: Ай чыгып, жылдыз толуп, Багына куштар конуп. Шаттанып көчөлөрү, Жаштыктын ыры толуп. Жаркырап Кочкор кечи, Жалындап бизге келчи. Шаттанып көчөлөрү, Жаштыктын сүйүү кенчи. Оттору жарык чачып, Көркүнө көркүн ачып. Кечкисин суктанамын, Аралап жайдан басып.
  • Жан дүйнөмдүн жарык шооласы, Сени издейт чексиз ааламда. Мээрим чачып турсаң жүрөккө Бул жалганда. Тагдырымдын белегисиңби, Таңдагы периштем сенсиңби, Таң каларлык нуру төгүлгөн элесиңби? Кайырма: Таңдын нуру сага төгүлүп, Маайыңдан жылдыз көрүнүп, Сени сүйдүм, таңдын сулуусу. Жүрөгүмө сүйүү ойготуп, Таң сулуусу, азыр кайдасың? Аламбы деп сени жоготуп, Издейм сени табуу айласын. Кайырма: Таңдын нуру сага төгүлүп, Маанайыңдан жылдыз көрүнүп, Сени сүйдүм, таңдын сулуусу. Саамайыңдан салкын жел сылап, Сага гана арнап гүл сунам, Табышмактуу тандын сулуусу.