Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кочкор кечи»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күн батып тоо артына,
Күлмүңдөп жашына.
Карачы кандай сонун,
Кечкиси Кочкорумда!
Кайырма:
Ай чыгып, жылдыз толуп,
Багына куштар конуп.
Шаттанып көчөлөрү,
Жаштыктын ыры толуп.
Жаркырап Кочкор кечи,
Жалындап бизге келчи.
Шаттанып көчөлөрү,
Жаштыктын сүйүү кенчи.
Оттору жарык чачып,
Көркүнө көркүн ачып.
Кечкисин суктанамын,
Аралап жайдан басып.

Другие песни исполнителя:

  • Күн шооласын жерге чачып, Айылымдын шаңын ачып. Достор менен жолугушсам, Кайгы-капа кетет качып. Өтө тунук суулар агат, Шылдыр үндүү обон салат. Жылдыз толсо көк асманга, Жымыңдашып күйүп-жанат. Кайырма: Айыл кечи керемет, Ак булуттан тунук жамгыр себелеп. Айыл кечи керемет, Бейпил жашоо булагы тереңдеп. Көчө бойлоп күлүп-жайнап, Кыздар өтөт кылыктанып. Гүл бакчада булбул сайрап, Айылымдын көркүн ачып. Күүгүм кирсе айланага, Көчө карап кайра-кайра. Кыздар күтөт жигиттерин, Кубанычы жетип айга. Кайырма: Термелгенде бак-дарактар, Теребелди козгоп салат. Жалындаган биздин жашта, Алоолонуп күйүп-жанат. Табигаттын атыр жыттуу, Абасына моокум канбай. Айылымдын сулуулугу, Карай берем көзүм талбай.
  • Жан дүйнөмдүн жарык шооласы, Сени издейт чексиз ааламда. Мээрим чачып турсаң жүрөккө Бул жалганда. Тагдырымдын белегисиңби, Таңдагы периштем сенсиңби, Таң каларлык нуру төгүлгөн элесиңби? Кайырма: Таңдын нуру сага төгүлүп, Маайыңдан жылдыз көрүнүп, Сени сүйдүм, таңдын сулуусу. Жүрөгүмө сүйүү ойготуп, Таң сулуусу, азыр кайдасың? Аламбы деп сени жоготуп, Издейм сени табуу айласын. Кайырма: Таңдын нуру сага төгүлүп, Маанайыңдан жылдыз көрүнүп, Сени сүйдүм, таңдын сулуусу. Саамайыңдан салкын жел сылап, Сага гана арнап гүл сунам, Табышмактуу тандын сулуусу.
  • Муңкандырып жүзүмдү, Жылдарым жылып баратат, Эңсетип жалгыз өзүңдү. Арман көлүн кечербиз, Байланып аруу сезимге, Бакытсыз жандар экенбиз. Кайырма: Арманымдын азабын кечтим, Мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым, сүйө албас мендей эч ким. Арманымдын азабын кечтим, Мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым, сүйө албас мендей эч ким. Сен назик жүрөгүмдү өзүң ыйлаттың, Сен жүрөгүмдүн дартын ырбаттың, махабатым. Мен сезимге канат байлап сага учкам, Мен сени ай-ааламда ыйык туткам, махабатым. Жүрөгүмө элесиң, Уялады терең-терең, Бил, сезимим сени менен. Арманга сен алдырба, Айыпсыз жаным кайгырба, Ансыз да баттым кайгыга.