Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айыл кечи»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күн шооласын жерге чачып,
Айылымдын шаңын ачып.
Достор менен жолугушсам,
Кайгы-капа кетет качып.
Өтө тунук суулар агат,
Шылдыр үндүү обон салат.
Жылдыз толсо көк асманга,
Жымыңдашып күйүп-жанат.
Кайырма:
Айыл кечи керемет,
Ак булуттан тунук жамгыр себелеп.
Айыл кечи керемет,
Бейпил жашоо булагы тереңдеп.
Көчө бойлоп күлүп-жайнап,
Кыздар өтөт кылыктанып.
Гүл бакчада булбул сайрап,
Айылымдын көркүн ачып.
Күүгүм кирсе айланага,
Көчө карап кайра-кайра.
Кыздар күтөт жигиттерин,
Кубанычы жетип айга.
Кайырма:
Термелгенде бак-дарактар,
Теребелди козгоп салат.
Жалындаган биздин жашта,
Алоолонуп күйүп-жанат.
Табигаттын атыр жыттуу,
Абасына моокум канбай.
Айылымдын сулуулугу,
Карай берем көзүм талбай.

Другие песни исполнителя:

  • Кырчындай кымбат чак калып, Кыйлага бардык жаш-кары. Кундуздай кара чачымдан, Күмүш кыл турат баш багып. Баш бакса мейли, баш баксын, Чачымдын баарын ак бассын. Жыйырмага чыккан жаңыдан, Селкилер менен жашташмын. Жыйырмага чыккан жаңыдан, Жигиттер менен жашташмын. Абайлап жүрбөй кокустан, Ашыппыз бекер отуздан. «Агатай, кайра кайрыл» деп, Аркамдан чуркайт отуз жаш. Салтанат күүсүн көп угам, Заманам шайыр деп угам. Кырчындай кыздар турганда Кырк жашка чыгып не кылам? Кырчындай кыздар турганда Элүүгө чыгып не кылам? Карылык деген кашаң ат, Карытат эми шакалап. Карысак шашпай карыйлы, Картайбайт, бирок махабат. Кездешер биздин кесилиш, Коё тур келбей, жетимиш. Алтымыш ашуу аша элек, Келбей тур, келбе, жетимиш. Алтымыш ашуу аша элек, Коё тур, келбе, жетимиш.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Табият таалайына берген жерим, Ала-Тоо ак мөңгүлүү, толгон кени. Оргуштап булактары атырылып, Көргөндүн көтөрүлөт жүрөк деми. Кайырма: Черткенде шаңшый берет үч кыл комуз, Бабалар бата берет, кошуп добуш. Төбөдө көпкөк асман күбө болгон, Теңир-Тоо — ата конуш кыргыз тапкан. Кыргызым, элим кыргызым, Кыргызым, элим кыргызым, Элим кыргызым… Кыргызым кылым санап арыбаган, Таалайы өнүп-өсүп карыбаган. Тамшанткан Теңир-Тоонун табияты, Сырт жактан келгендерди таңыркаткан.
  • Ачылган гүлдөйсүң, жаным, татына, Чачылган кирпиктериңе тартыла. Жанчылам жалгыз өзүңө жалына, Ай-ай-ай, ай-ай-ай… Таң атса, жаңы сага күн батат, Тартылган көздөрүңө мактанат. Түркүн түс түрмөктөп сүйлөгөнүң, Түртүлгөн кош төшүң үйлөнгөнбү? Кадамың майда-майда таштаганың, Жүрөктү дүкүлдөтө баштаганың. Артыңдан калбай ээрчигенмин, Азгырат алча эриндериң (өзүнчө эле Sexy!!!). Кайырма: Жылмайсаң жылбай калам, кагыламын, Жылтырап чыга келсең жарыламын. Интернет дарек-дареметиң, Ирмесең карек какты демим. Курчаган курдаштарың тим эле, (тим эле) Сулуусу араңарда ким эле? Сырдашкан сырларың жигиттерди, Сыласаң сынып жибитеби?
  • Көздөрүң жымыңдап, Көтөрүп көңүлдү. Нурлары төгүлгөн, Жарык күн болуп көрүндүң. Кыздардан өзгөчө, Кылыгың башкача. Туптунук булактай, Жүрөгүң таптаза, Жүрөгүмдү сен кыйнаба. Кайырма: Нарындык периштем, Жүзүң сулуу келишкен. Нарындык периштем, Жүрөгүмдү эриткен. Нарындык периштем, Жүзүң сулуу келишкен. Нарындык периштем, Жүрөгүмдү эриткен. Кызгалдак жүзүңдү, Шыңгыраган күлкүңдү. Көргүм келет өзүңдү, Моокум канбай кайра-кайра. Каратып жолуңду, Карматпадың колумду. Кайсалатпа, кыйнаба, Сен менин оюмду, Жүрөгүмдү сен кыйнаба. Кайырма: Нарындык периштем, Жүзүң сулуу келишкен. Нарындык периштем, Жүрөгүмдү эриткен. Нарындык периштем, Жүзүң сулуу келишкен. Нарындык периштем, Жүрөгүмдү эриткен.