Казахские песни Узбекские песни

Песня «Нарындык периште»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көздөрүң жымыңдап,
Көтөрүп көңүлдү.
Нурлары төгүлгөн,
Жарык күн болуп көрүндүң.
Кыздардан өзгөчө,
Кылыгың башкача.
Туптунук булактай,
Жүрөгүң таптаза,
Жүрөгүмдү сен кыйнаба.
Кайырма:
Нарындык периштем,
Жүзүң сулуу келишкен.
Нарындык периштем,
Жүрөгүмдү эриткен.
Нарындык периштем,
Жүзүң сулуу келишкен.
Нарындык периштем,
Жүрөгүмдү эриткен.
Кызгалдак жүзүңдү,
Шыңгыраган күлкүңдү.
Көргүм келет өзүңдү,
Моокум канбай кайра-кайра.
Каратып жолуңду,
Карматпадың колумду.
Кайсалатпа, кыйнаба,
Сен менин оюмду,
Жүрөгүмдү сен кыйнаба.
Кайырма:
Нарындык периштем,
Жүзүң сулуу келишкен.
Нарындык периштем,
Жүрөгүмдү эриткен.
Нарындык периштем,
Жүзүң сулуу келишкен.
Нарындык периштем,
Жүрөгүмдү эриткен.

Другие песни исполнителя:

  • Муңкандырып жүзүмдү, Жылдарым жылып баратат, Эңсетип жалгыз өзүңдү. Арман көлүн кечербиз, Байланып аруу сезимге, Бакытсыз жандар экенбиз. Кайырма: Арманымдын азабын кечтим, Мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым, сүйө албас мендей эч ким. Арманымдын азабын кечтим, Мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым, сүйө албас мендей эч ким. Сен назик жүрөгүмдү өзүң ыйлаттың, Сен жүрөгүмдүн дартын ырбаттың, махабатым. Мен сезимге канат байлап сага учкам, Мен сени ай-ааламда ыйык туткам, махабатым. Жүрөгүмө элесиң, Уялады терең-терең, Бил, сезимим сени менен. Арманга сен алдырба, Айыпсыз жаным кайгырба, Ансыз да баттым кайгыга.
  • Кара кара карагайттай көздөрүң Мага жагат сенин балдай сөздөрүң Карааныңа такыр тойбой койдум мен Каражаным кайда кайда жүрөсүң Кайырма: Каражаным ий каражаным ой Карааныңдан ий кагыламын ой Майда майда майда баскан кадамың Магдыратат көргөн жанды жамалың Көп сулууну көрсөм да өмүрдө Көрбөгөнмүн сендей жанды каралдым
  • Жылдар жылып, айлар агып артта калды, Саргайгансыйт сагынычтын барактары. Жалгыздыкка сырдаш болдум элден азып, Менин бактым, менин сырым кайда? Кайырма: Гүлүм, жыпар жытың мага керек, Күнүм, нурларыңа баткым келет. Түнүм, тынчтыгыңа тынгым келет, Гүлүм, гүлүм. Түнүм чексиз, күнүм элсиз өтүп жатты, Неге тагдыр бакыт кушун менден катты? Салам айтам алыс учкан ак кушумдан, Алсам керек менин жазган ыр сабым.
  • Күтүп жүргөн күндүн таңы аттыбы, Күлгүн нуру жүрөгүмө жактыбы? Чырайың чылап ичпедим, Тийди тиктешиң, Тилиме жанып, тилегиме гүл тиккениң. Кайырма: Керилген керемет пери, Сезимимдеги, Келчи, келчи. Керилген керемет сезим, Кечигип келди, келди, Кең дүйнө сезилди. Жүрөгүмдүн жүдөгөнүн билбедиң, Үзүп түшкөн үмүтүмдүн илгени. Бар белең, кайда жүргөнсүң, Бакыт жүрөгүм? Жанданат эми кайра кургаган мүрөгүм.