Казахские песни Узбекские песни

Песня «Келчи»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күтүп жүргөн күндүн таңы аттыбы,
Күлгүн нуру жүрөгүмө жактыбы?
Чырайың чылап ичпедим,
Тийди тиктешиң,
Тилиме жанып, тилегиме гүл тиккениң.
Кайырма:
Керилген керемет пери,
Сезимимдеги,
Келчи, келчи.
Керилген керемет сезим,
Кечигип келди, келди,
Кең дүйнө сезилди.
Жүрөгүмдүн жүдөгөнүн билбедиң,
Үзүп түшкөн үмүтүмдүн илгени.
Бар белең, кайда жүргөнсүң,
Бакыт жүрөгүм?
Жанданат эми кайра кургаган мүрөгүм.

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Досум мага таарынды, Канатымды кайрыды. Эт жүрөгүм эзгилеп, ай, Неге мынча сагынтты? Жандаш жүргөн дос элек, Жарты нанды бөлчү элек. Экөөбүзгө эмне болду? Бир болобуз дечү элек. Кан досуңа таарынба, Жаңы доско жагынба. Кандаш досуң күйүп-жанат, Барыңда да, жогуңда. Түн болбосо ай болбойт, Суу болбосо көл болбойт. Адамзаты ушундай да, Дос болбосо эл болбойт.
  • Жан дүйнөмдүн жарык шооласы, Сени издейт чексиз ааламда. Мээрим чачып турсаң жүрөккө Бул жалганда. Тагдырымдын белегисиңби, Таңдагы периштем сенсиңби, Таң каларлык нуру төгүлгөн элесиңби? Кайырма: Таңдын нуру сага төгүлүп, Маайыңдан жылдыз көрүнүп, Сени сүйдүм, таңдын сулуусу. Жүрөгүмө сүйүү ойготуп, Таң сулуусу, азыр кайдасың? Аламбы деп сени жоготуп, Издейм сени табуу айласын. Кайырма: Таңдын нуру сага төгүлүп, Маанайыңдан жылдыз көрүнүп, Сени сүйдүм, таңдын сулуусу. Саамайыңдан салкын жел сылап, Сага гана арнап гүл сунам, Табышмактуу тандын сулуусу.
  • Дүйнөдө ыйык махабат, Жете албай жүрөм төрүнө. Өзүңдөн мээримиң самап, Сүйүп жашайм мен өмүрдө. Жан дүйнөм жетелейт сага, Жолугуп, күндөрдү самап. Сүйүүмдү кайталап айтып, Үмүтүм өзүңө барат. Жүрөктү терең уялап, Жүрөсүң табылгыс жандай. Жамалыңдын нуру тамат, Асмандагы айдай… Кайырма: Ал менин махабатым, Жүрөгүмдү ээлеген ашыктык деми менен. Ал менин махабатым, Үзүлбөс үмүт менен жалгыз сен деп жашап келем. Жылдыздай жанып асманда, Жүрөктү салып арманга. Кусага толуп сезимим, Жашаймын сен деп жалганда. Жарыгым сенсиң, ардагым, Жалының сыйкыр өңдөнүп. Жашоонун муңун-азабын, Жаркыным, бирге бөлөлү. Тумарым болчу өчпөгөн, Туу болуп жүрөк төрүндө. Максатым сенсиң көздөгөн, Жалындуу өмүрдө.