Казахские песни Узбекские песни

Песня «Гулум»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жылдар жылып, айлар агып артта калды,
Саргайгансыйт сагынычтын барактары.
Жалгыздыкка сырдаш болдум элден азып,
Менин бактым, менин сырым кайда?
Кайырма:
Гүлүм, жыпар жытың мага керек,
Күнүм, нурларыңа баткым келет.
Түнүм, тынчтыгыңа тынгым келет,
Гүлүм, гүлүм.
Түнүм чексиз, күнүм элсиз өтүп жатты,
Неге тагдыр бакыт кушун менден катты?
Салам айтам алыс учкан ак кушумдан,
Алсам керек менин жазган ыр сабым.

Другие песни исполнителя:

  • Ачылган гүлдөйсүң, жаным, татына, Чачылган кирпиктериңе тартыла. Жанчылам жалгыз өзүңө жалына, Ай-ай-ай, ай-ай-ай… Таң атса, жаңы сага күн батат, Тартылган көздөрүңө мактанат. Түркүн түс түрмөктөп сүйлөгөнүң, Түртүлгөн кош төшүң үйлөнгөнбү? Кадамың майда-майда таштаганың, Жүрөктү дүкүлдөтө баштаганың. Артыңдан калбай ээрчигенмин, Азгырат алча эриндериң (өзүнчө эле Sexy!!!). Кайырма: Жылмайсаң жылбай калам, кагыламын, Жылтырап чыга келсең жарыламын. Интернет дарек-дареметиң, Ирмесең карек какты демим. Курчаган курдаштарың тим эле, (тим эле) Сулуусу араңарда ким эле? Сырдашкан сырларың жигиттерди, Сыласаң сынып жибитеби?
  • Дүйнөдө ыйык махабат, Жете албай жүрөм төрүнө. Өзүңдөн мээримиң самап, Сүйүп жашайм мен өмүрдө. Жан дүйнөм жетелейт сага, Жолугуп, күндөрдү самап. Сүйүүмдү кайталап айтып, Үмүтүм өзүңө барат. Жүрөктү терең уялап, Жүрөсүң табылгыс жандай. Жамалыңдын нуру тамат, Асмандагы айдай… Кайырма: Ал менин махабатым, Жүрөгүмдү ээлеген ашыктык деми менен. Ал менин махабатым, Үзүлбөс үмүт менен жалгыз сен деп жашап келем. Жылдыздай жанып асманда, Жүрөктү салып арманга. Кусага толуп сезимим, Жашаймын сен деп жалганда. Жарыгым сенсиң, ардагым, Жалының сыйкыр өңдөнүп. Жашоонун муңун-азабын, Жаркыным, бирге бөлөлү. Тумарым болчу өчпөгөн, Туу болуп жүрөк төрүндө. Максатым сенсиң көздөгөн, Жалындуу өмүрдө.
  • Кара кара карагайттай көздөрүң Мага жагат сенин балдай сөздөрүң Карааныңа такыр тойбой койдум мен Каражаным кайда кайда жүрөсүң Кайырма: Каражаным ий каражаным ой Карааныңдан ий кагыламын ой Майда майда майда баскан кадамың Магдыратат көргөн жанды жамалың Көп сулууну көрсөм да өмүрдө Көрбөгөнмүн сендей жанды каралдым