Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бул махабат»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Досум мага таарынды, Канатымды кайрыды. Эт жүрөгүм эзгилеп, ай, Неге мынча сагынтты? Жандаш жүргөн дос элек, Жарты нанды бөлчү элек. Экөөбүзгө эмне болду? Бир болобуз дечү элек. Кан досуңа таарынба, Жаңы доско жагынба. Кандаш досуң күйүп-жанат, Барыңда да, жогуңда. Түн болбосо ай болбойт, Суу болбосо көл болбойт. Адамзаты ушундай да, Дос болбосо эл болбойт.
  • Башка адамга мени таштап, жаным, кетсең, Ал адамга сен жар болуп колуң берсең. Жүрөгүмдө сенин атың өчүрө албай, Баары бир мен сендик болуп кала берем. Кайырма: Сүйөрүмдү айтып жүрсөм ишенбесең ишенбе сен, Сүйөм десем мерез жансың сен сезбеген. Элестетип көз алдыма келбетиңди, Жетпесем да бактылуумун өзүмчө мен. Сезим таза, сүйүү жамгыр себелеген, Кир жукпаган жүрөгүмдө жашайсың сен. Сүйүп жүрүп сүйөрүмдү тана албастан, Баары бир мен сендик болуп кала берем.
  • Айлана, аралайсың жай гана, Айдай жүзүңө калдым арбала. Садагам, менин садагам, Жаным, карегиңден сенин айланам. Кайырма: Жүрөм көзүңдү самап, Мага күлгөнүң жагат, Тартылам көздөрүңө сенин карагат. Таттуу, ширин махабат, ортобузда жаралат, Көздөрүң көздөрүмө менин кадалат. Жаным ай, жарым болчу сен белең, Таза сезимиң менен жараткан берген. Жанымдай эркелечи, берекем, Жашайбыз бирге ак сүйүү менен.
  • Кырчындай кымбат чак калып, Кыйлага бардык жаш-кары. Кундуздай кара чачымдан, Күмүш кыл турат баш багып. Баш бакса мейли, баш баксын, Чачымдын баарын ак бассын. Жыйырмага чыккан жаңыдан, Селкилер менен жашташмын. Жыйырмага чыккан жаңыдан, Жигиттер менен жашташмын. Абайлап жүрбөй кокустан, Ашыппыз бекер отуздан. «Агатай, кайра кайрыл» деп, Аркамдан чуркайт отуз жаш. Салтанат күүсүн көп угам, Заманам шайыр деп угам. Кырчындай кыздар турганда Кырк жашка чыгып не кылам? Кырчындай кыздар турганда Элүүгө чыгып не кылам? Карылык деген кашаң ат, Карытат эми шакалап. Карысак шашпай карыйлы, Картайбайт, бирок махабат. Кездешер биздин кесилиш, Коё тур келбей, жетимиш. Алтымыш ашуу аша элек, Келбей тур, келбе, жетимиш. Алтымыш ашуу аша элек, Коё тур, келбе, жетимиш.