Казахские песни Узбекские песни

Песня «Достор»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Ачылган гүлдөйсүң, жаным, татына, Чачылган кирпиктериңе тартыла. Жанчылам жалгыз өзүңө жалына, Ай-ай-ай, ай-ай-ай… Таң атса, жаңы сага күн батат, Тартылган көздөрүңө мактанат. Түркүн түс түрмөктөп сүйлөгөнүң, Түртүлгөн кош төшүң үйлөнгөнбү? Кадамың майда-майда таштаганың, Жүрөктү дүкүлдөтө баштаганың. Артыңдан калбай ээрчигенмин, Азгырат алча эриндериң (өзүнчө эле Sexy!!!). Кайырма: Жылмайсаң жылбай калам, кагыламын, Жылтырап чыга келсең жарыламын. Интернет дарек-дареметиң, Ирмесең карек какты демим. Курчаган курдаштарың тим эле, (тим эле) Сулуусу араңарда ким эле? Сырдашкан сырларың жигиттерди, Сыласаң сынып жибитеби?
  • Кырчындай кымбат чак калып, Кыйлага бардык жаш-кары. Кундуздай кара чачымдан, Күмүш кыл турат баш багып. Баш бакса мейли, баш баксын, Чачымдын баарын ак бассын. Жыйырмага чыккан жаңыдан, Селкилер менен жашташмын. Жыйырмага чыккан жаңыдан, Жигиттер менен жашташмын. Абайлап жүрбөй кокустан, Ашыппыз бекер отуздан. «Агатай, кайра кайрыл» деп, Аркамдан чуркайт отуз жаш. Салтанат күүсүн көп угам, Заманам шайыр деп угам. Кырчындай кыздар турганда Кырк жашка чыгып не кылам? Кырчындай кыздар турганда Элүүгө чыгып не кылам? Карылык деген кашаң ат, Карытат эми шакалап. Карысак шашпай карыйлы, Картайбайт, бирок махабат. Кездешер биздин кесилиш, Коё тур келбей, жетимиш. Алтымыш ашуу аша элек, Келбей тур, келбе, жетимиш. Алтымыш ашуу аша элек, Коё тур, келбе, жетимиш.
  • Телегейим бүгүн тегиз кези, Теңирим мага сүйүү берди. Теребел дагы сүйүп сени, Термелди… Бүчүрүн байлап, бүрдөп багым, Бүгүн жаш баары, бүгүн жаңы. Бүт дүйнө жүзү гүлдөп жазга, Жазга айланды… Кайырма: Жан биргем аярым, Жароокер ардайым. Бул жашоодо жалгыз, Сени тандадым. Карегиң жанганын, Кароодон канбадым. Тагдырлашым сени, Бир сени тандадым Ак жүзүң түсүндөй булуттун, Аруусуң, тазасың, тунуксуң. Сен менен капалыкты дагы унуттум… Бактымдын гүл болуп ашканы, Бар жашоо бал татый баштады. Суранам сенден сүйөм дебе. менден башканы…