Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сени тандадым»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Телегейим бүгүн тегиз кези,
Теңирим мага сүйүү берди.
Теребел дагы сүйүп сени,
Термелди…
Бүчүрүн байлап, бүрдөп багым,
Бүгүн жаш баары, бүгүн жаңы.
Бүт дүйнө жүзү гүлдөп жазга,
Жазга айланды…
Кайырма:
Жан биргем аярым,
Жароокер ардайым.
Бул жашоодо жалгыз,
Сени тандадым.
Карегиң жанганын,
Кароодон канбадым.
Тагдырлашым сени,
Бир сени тандадым
Ак жүзүң түсүндөй булуттун,
Аруусуң, тазасың, тунуксуң.
Сен менен капалыкты дагы унуттум…
Бактымдын гүл болуп ашканы,
Бар жашоо бал татый баштады.
Суранам сенден сүйөм дебе.
менден башканы…

Другие песни исполнителя:

  • Дүйнөдө ыйык махабат, Жете албай жүрөм төрүнө. Өзүңдөн мээримиң самап, Сүйүп жашайм мен өмүрдө. Жан дүйнөм жетелейт сага, Жолугуп, күндөрдү самап. Сүйүүмдү кайталап айтып, Үмүтүм өзүңө барат. Жүрөктү терең уялап, Жүрөсүң табылгыс жандай. Жамалыңдын нуру тамат, Асмандагы айдай… Кайырма: Ал менин махабатым, Жүрөгүмдү ээлеген ашыктык деми менен. Ал менин махабатым, Үзүлбөс үмүт менен жалгыз сен деп жашап келем. Жылдыздай жанып асманда, Жүрөктү салып арманга. Кусага толуп сезимим, Жашаймын сен деп жалганда. Жарыгым сенсиң, ардагым, Жалының сыйкыр өңдөнүп. Жашоонун муңун-азабын, Жаркыным, бирге бөлөлү. Тумарым болчу өчпөгөн, Туу болуп жүрөк төрүндө. Максатым сенсиң көздөгөн, Жалындуу өмүрдө.
  • Кырчындай кымбат чак калып, Кыйлага бардык жаш-кары. Кундуздай кара чачымдан, Күмүш кыл турат баш багып. Баш бакса мейли, баш баксын, Чачымдын баарын ак бассын. Жыйырмага чыккан жаңыдан, Селкилер менен жашташмын. Жыйырмага чыккан жаңыдан, Жигиттер менен жашташмын. Абайлап жүрбөй кокустан, Ашыппыз бекер отуздан. «Агатай, кайра кайрыл» деп, Аркамдан чуркайт отуз жаш. Салтанат күүсүн көп угам, Заманам шайыр деп угам. Кырчындай кыздар турганда Кырк жашка чыгып не кылам? Кырчындай кыздар турганда Элүүгө чыгып не кылам? Карылык деген кашаң ат, Карытат эми шакалап. Карысак шашпай карыйлы, Картайбайт, бирок махабат. Кездешер биздин кесилиш, Коё тур келбей, жетимиш. Алтымыш ашуу аша элек, Келбей тур, келбе, жетимиш. Алтымыш ашуу аша элек, Коё тур, келбе, жетимиш.
  • Жан дүйнөмдүн жарык шооласы, Сени издейт чексиз ааламда. Мээрим чачып турсаң жүрөккө Бул жалганда. Тагдырымдын белегисиңби, Таңдагы периштем сенсиңби, Таң каларлык нуру төгүлгөн элесиңби? Кайырма: Таңдын нуру сага төгүлүп, Маайыңдан жылдыз көрүнүп, Сени сүйдүм, таңдын сулуусу. Жүрөгүмө сүйүү ойготуп, Таң сулуусу, азыр кайдасың? Аламбы деп сени жоготуп, Издейм сени табуу айласын. Кайырма: Таңдын нуру сага төгүлүп, Маанайыңдан жылдыз көрүнүп, Сени сүйдүм, таңдын сулуусу. Саамайыңдан салкын жел сылап, Сага гана арнап гүл сунам, Табышмактуу тандын сулуусу.