Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сезим»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Башка адамга мени таштап, жаным, кетсең,
Ал адамга сен жар болуп колуң берсең.
Жүрөгүмдө сенин атың өчүрө албай,
Баары бир мен сендик болуп кала берем.
Кайырма:
Сүйөрүмдү айтып жүрсөм ишенбесең ишенбе сен,
Сүйөм десем мерез жансың сен сезбеген.
Элестетип көз алдыма келбетиңди,
Жетпесем да бактылуумун өзүмчө мен.
Сезим таза, сүйүү жамгыр себелеген,
Кир жукпаган жүрөгүмдө жашайсың сен.
Сүйүп жүрүп сүйөрүмдү тана албастан,
Баары бир мен сендик болуп кала берем.

Другие песни исполнителя:

  • Күтүп жүргөн күндүн таңы аттыбы, Күлгүн нуру жүрөгүмө жактыбы? Чырайың чылап ичпедим, Тийди тиктешиң, Тилиме жанып, тилегиме гүл тиккениң. Кайырма: Керилген керемет пери, Сезимимдеги, Келчи, келчи. Керилген керемет сезим, Кечигип келди, келди, Кең дүйнө сезилди. Жүрөгүмдүн жүдөгөнүн билбедиң, Үзүп түшкөн үмүтүмдүн илгени. Бар белең, кайда жүргөнсүң, Бакыт жүрөгүм? Жанданат эми кайра кургаган мүрөгүм.
  • Дүйнөдө ыйык махабат, Жете албай жүрөм төрүнө. Өзүңдөн мээримиң самап, Сүйүп жашайм мен өмүрдө. Жан дүйнөм жетелейт сага, Жолугуп, күндөрдү самап. Сүйүүмдү кайталап айтып, Үмүтүм өзүңө барат. Жүрөктү терең уялап, Жүрөсүң табылгыс жандай. Жамалыңдын нуру тамат, Асмандагы айдай… Кайырма: Ал менин махабатым, Жүрөгүмдү ээлеген ашыктык деми менен. Ал менин махабатым, Үзүлбөс үмүт менен жалгыз сен деп жашап келем. Жылдыздай жанып асманда, Жүрөктү салып арманга. Кусага толуп сезимим, Жашаймын сен деп жалганда. Жарыгым сенсиң, ардагым, Жалының сыйкыр өңдөнүп. Жашоонун муңун-азабын, Жаркыным, бирге бөлөлү. Тумарым болчу өчпөгөн, Туу болуп жүрөк төрүндө. Максатым сенсиң көздөгөн, Жалындуу өмүрдө.
  • Ачылган гүлдөйсүң, жаным, татына, Чачылган кирпиктериңе тартыла. Жанчылам жалгыз өзүңө жалына, Ай-ай-ай, ай-ай-ай… Таң атса, жаңы сага күн батат, Тартылган көздөрүңө мактанат. Түркүн түс түрмөктөп сүйлөгөнүң, Түртүлгөн кош төшүң үйлөнгөнбү? Кадамың майда-майда таштаганың, Жүрөктү дүкүлдөтө баштаганың. Артыңдан калбай ээрчигенмин, Азгырат алча эриндериң (өзүнчө эле Sexy!!!). Кайырма: Жылмайсаң жылбай калам, кагыламын, Жылтырап чыга келсең жарыламын. Интернет дарек-дареметиң, Ирмесең карек какты демим. Курчаган курдаштарың тим эле, (тим эле) Сулуусу араңарда ким эле? Сырдашкан сырларың жигиттерди, Сыласаң сынып жибитеби?