Казахские песни Узбекские песни

Песня «Коздорун»
исполнителя Акбар Суйунбаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айлана, аралайсың жай гана,
Айдай жүзүңө калдым арбала.
Садагам, менин садагам,
Жаным, карегиңден сенин айланам.
Кайырма:
Жүрөм көзүңдү самап,
Мага күлгөнүң жагат,
Тартылам көздөрүңө сенин карагат.
Таттуу, ширин махабат, ортобузда жаралат,
Көздөрүң көздөрүмө менин кадалат.
Жаным ай, жарым болчу сен белең,
Таза сезимиң менен жараткан берген.
Жанымдай эркелечи, берекем,
Жашайбыз бирге ак сүйүү менен.

Другие песни исполнителя:

  • Күн шооласын жерге чачып, Айылымдын шаңын ачып. Достор менен жолугушсам, Кайгы-капа кетет качып. Өтө тунук суулар агат, Шылдыр үндүү обон салат. Жылдыз толсо көк асманга, Жымыңдашып күйүп-жанат. Кайырма: Айыл кечи керемет, Ак булуттан тунук жамгыр себелеп. Айыл кечи керемет, Бейпил жашоо булагы тереңдеп. Көчө бойлоп күлүп-жайнап, Кыздар өтөт кылыктанып. Гүл бакчада булбул сайрап, Айылымдын көркүн ачып. Күүгүм кирсе айланага, Көчө карап кайра-кайра. Кыздар күтөт жигиттерин, Кубанычы жетип айга. Кайырма: Термелгенде бак-дарактар, Теребелди козгоп салат. Жалындаган биздин жашта, Алоолонуп күйүп-жанат. Табигаттын атыр жыттуу, Абасына моокум канбай. Айылымдын сулуулугу, Карай берем көзүм талбай.
  • Муңкандырып жүзүмдү, Жылдарым жылып баратат, Эңсетип жалгыз өзүңдү. Арман көлүн кечербиз, Байланып аруу сезимге, Бакытсыз жандар экенбиз. Кайырма: Арманымдын азабын кечтим, Мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым, сүйө албас мендей эч ким. Арманымдын азабын кечтим, Мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым, сүйө албас мендей эч ким. Сен назик жүрөгүмдү өзүң ыйлаттың, Сен жүрөгүмдүн дартын ырбаттың, махабатым. Мен сезимге канат байлап сага учкам, Мен сени ай-ааламда ыйык туткам, махабатым. Жүрөгүмө элесиң, Уялады терең-терең, Бил, сезимим сени менен. Арманга сен алдырба, Айыпсыз жаным кайгырба, Ансыз да баттым кайгыга.
  • Жан дүйнөмдүн жарык шооласы, Сени издейт чексиз ааламда. Мээрим чачып турсаң жүрөккө Бул жалганда. Тагдырымдын белегисиңби, Таңдагы периштем сенсиңби, Таң каларлык нуру төгүлгөн элесиңби? Кайырма: Таңдын нуру сага төгүлүп, Маайыңдан жылдыз көрүнүп, Сени сүйдүм, таңдын сулуусу. Жүрөгүмө сүйүү ойготуп, Таң сулуусу, азыр кайдасың? Аламбы деп сени жоготуп, Издейм сени табуу айласын. Кайырма: Таңдын нуру сага төгүлүп, Маанайыңдан жылдыз көрүнүп, Сени сүйдүм, таңдын сулуусу. Саамайыңдан салкын жел сылап, Сага гана арнап гүл сунам, Табышмактуу тандын сулуусу.