Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сенсиз жаным»
исполнителя Улан Осмон уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сенсиз жаным,
Менин өмүрлүк жарым.
Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө,
Сүйүү шооласын мага чачып турган.
Күн болуп бир өзүңсүң, сен гана,
Сенсиз жаным,
Менин өмүрлүк жарым.
Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөдө,
Жашайсың чоң күч-кубат берип мага.
Кайырма:
Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз,
Жашай берсе деп кылымдарга.
Сүйүү гүлүн, бүт өмүрүм,
Арнаймын мен бир сага.
Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде,
Жүрөгүм кумарланат сага тартып.
Көргөнчө шашыламын көз алдыма,
Элестеп жүзүң аппак, татына.
Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде,
Өзүңө күндөн-күнгө сүйүүм артып,
Айтарлык ыраазымын мен бактыма.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жанырган айды корсом, Сени энсеймин. Ачылган гулду коруп, Аны сен деймин. Оо, гулум ,кыйнадын го, Мени мынчалык? Сагындым,саргайдымго, неге келбейсин. Кайырма: Алты тоонун тескейи, Алты куш аны эңсейби? Алсырадым, аздым го, Алтыным эрте келбейби? Жети тоонун тескейи, Жети куш аны эңсейби? Жетимсиреп калдымго, Жейреним эрте келбейби? Озун бил, Максатыңа эми жеттиңби? Озун бил, Биретоло менден кеттинби? Оо, гулум, кыйнадын го, Мени мынчалык? Же гулум, сагындырып, келем дединби? Кайырма: Тогуз тоонун тескейи, Тогузу аны эңсейби? Томсоруп калдым го, Тоо гүлүм эрте келбейби? Отуз тоонун тескейи, Улар аны эңсейби? Буулугуп калдым го, Булбулум эрте келбейби?
  • Азыр сен алыстасың, менден узап, Арадан өтсө дагы канча убак. Элесиң эстен кетпей туруп алды, Жүрөгүмө салдың беле, Салдың беле кандай тузак? Жазылдың бактысына, таалайына, Табылдың кандай жандын маңдайына? Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен, Элесиңди тумар кылып, Тумар кылып, жүрөгүмө. Сезимди сооротомун, унуткун деп, А бирок, чындыгында, андай эмес. Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы, Жүрөгүмдө жашай берет, Жашай берет сүйкүм элес
  • Жаралдын кайдан омурго, Жараткан барбы конулдо? Тируулук жолун улаган, Ырдайлы омур жонундо. Тогулбо омур тогулбо, Ар куну ойно торумдо! Жуз жылга жете жашайлы, Буйрусун аны корууго. Жакшыдан жашыл бак калып Жамандан журок так калып Мезгилдин улам торуно Барабыз чоогуу аттанып. Жараткан берген белегим, Денеме омур шеригим. Сен барда жыргап жашайын Бир куну таштап кетээрим. Мезгилин жетсе кезекке Тураарсын бир кун бекетте Берген кол ото жакшыдыр Омурго ошол береке. Жакшыдан жашыл бак калып Жамандан журок так калып Мезгилдин улам торуно Барабыз чоогуу аттанып.