Казахские песни Узбекские песни

Улан Осмон уулу.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Улан Осмон уулу

  • Таным атып кунум батса да, Мезгил сызып отуп жатса да. Сени куто беремин, Сени куто беремин. Тагдырыбыз кайчы болсо да, Сагынычка созум толсо да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Сен жонундо жаман айтса да, Кызганычым толкуп ашса да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Кылыктарын чектен ашса да, Кылган ишин жанга батса да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Беш кундук бул жалган омурдо, Умут берип назик конулго. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Жомок эмес мендеги сезим, Кыялымдан кетпейсин менин. Сени куто беремин, Сени куто беремин. Созун ачуу тийип жатса да, Конул ооруп жашым акса да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Алмаштырбайм сени башкага, Махабатым жаным садага. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин.
  • Жарты нанымды болорум доке, Мен үчүн канын төгөрүң доке, Жаштыка салып жургөнбуз доске, Жанылсам жолдон сөгөрүм доке, Баскан жолуңду көрөрүм доке, Байкаткан сыйдын көлөмүн доке, Аманат келсе өлөрүм бир күн, Өмүрүм болсо көмөрүм доке. Досундун досу болот дейт доке, Доор сүргөн өмүр толот дейт доке, Ынтымак болсо ортодо доке, Маанисин сөздүн огот дейт доке, Душманын келсе жашындан дос бар, Дубалдай бекем басылган дос бар, Коодонун өзгөн ачылган дос бар, Сары ойдон сага катылган дос бар. Антташкан дос бар касташкан дос бар, Катташкан дос бар такташкан дос бар, Эшиктен кирсе макташкан дос бар, Эшике чыкса жакташкан дос бар, Сыйласа койун сойот дейт доке, Таарыныч болсо жойот дейт доке, Акырет күнү кыйналып турсам, Сени үчүн сообун койот дейт доке.
  • Келчи, жаным, шам жагалы үйүбүзгө толтура, Көңүл ачып отуралы, кайгыргандын ордуна. Келчи, жаным, шам жагалы, ширин сөздөн кеп кылып, Ынтымакты, ырыскыны үйүбүзгө чакырып. Түнү менен, таң атканча шам жагалы тажаганча, Жылдыз калбай тараганча, булбул бакта сайраганча. Жараткандан, Жараткандан бакыт-таалай сураганча, Жараткандан, Жараткандан бакыт-таалай сураганча.
  • Жаралдын кайдан омурго, Жараткан барбы конулдо? Тируулук жолун улаган, Ырдайлы омур жонундо. Тогулбо омур тогулбо, Ар куну ойно торумдо! Жуз жылга жете жашайлы, Буйрусун аны корууго. Жакшыдан жашыл бак калып Жамандан журок так калып Мезгилдин улам торуно Барабыз чоогуу аттанып. Жараткан берген белегим, Денеме омур шеригим. Сен барда жыргап жашайын Бир куну таштап кетээрим. Мезгилин жетсе кезекке Тураарсын бир кун бекетте Берген кол ото жакшыдыр Омурго ошол береке. Жакшыдан жашыл бак калып Жамандан журок так калып Мезгилдин улам торуно Барабыз чоогуу аттанып.
  • Сенсиз жаным, Менин өмүрлүк жарым. Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө, Сүйүү шооласын мага чачып турган. Күн болуп бир өзүңсүң, сен гана, Сенсиз жаным, Менин өмүрлүк жарым. Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөдө, Жашайсың чоң күч-кубат берип мага. Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз, Жашай берсе деп кылымдарга. Сүйүү гүлүн, бүт өмүрүм, Арнаймын мен бир сага. Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде, Жүрөгүм кумарланат сага тартып. Көргөнчө шашыламын көз алдыма, Элестеп жүзүң аппак, татына. Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде, Өзүңө күндөн-күнгө сүйүүм артып, Айтарлык ыраазымын мен бактыма. Кайырма:
  • Кечирип кой сезимиңде ойнодум. Сүйүп калып чачырады ойлорум. Канча жолу унутайын десем да, Сүйүүм күчөп жүрөгүмдү козгоду Кайырма: Кечирип кой, кечирип кой садагам, Кечигиппиз сүйүү жанбас кайрадан Кечирип кой, кечирип кой суранам, Жолукканда байкабастан, Жолукканда байкабастан. Сагынычта өтөөр менин өмүрүм, Сенде калды менин өчпөс көңүлүм. Сен да мени сагынаарсың эскерип Садагасы койчу мени кечирип. Кайырма: Дайыны жок мен өзүңдү сагынам, Издеп келем элесиңе зарыгып. Дайым бирге болобуз деп самагам, Ишеничтүү күндөр келбес кайрадан. Кайырма:
  • Сени менен бирге жүргөн күндөрдө бактылуу эмес белем, Достор менен чогу ойноп-күлгөндө кайгылуу эмес элем. Анан кантип сен экөөбүз таарынып, ажыраштык, Болуп өткөн бул кыямат сүйүүдө, күнөөлүү сенби же менби? Сен жылмайып мага карап күлгөндө мен бактылуу, Мен жылмайып сенин бетиң өпкөндө сен бактылуу. Анан кантип сен экөөбүз таарынып, ажыраштык, Болуп өткөн бул кыямат сүйүүдө, күнөөлүү сенби же менби? Болду эми мен ишенбейм, сүйүүгө, Сүйүп жүрүп калтыргым жок, күнөөгө. Суранарым сен экөөбүз жолукканда токтобочу, Көзүң менен сен сүйүп жүрөгүмдү, козгобочу… Суранарым сен экөөбүз жолукканда токтотпочу, Көзүң менен сен сүйүп жүрөгүмдү, козгобочу…
  • Сениз жаным менин өмүрлүк жарым Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө Сүйүү шооласын мага чачып турган Күн болуп бир өзүнсүн, сен гана Сенсиз жаным менин өмүрлүк жарым Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөөдө Жашайсын чоң күч кубат, берип мага Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз Жашай берсе деп кылымдарга Сүйүү гүлүм, бүт өмүрүм Арнаймын мен бир сага Кайсыл жерде журсом да оюм сенде Жүрөгүм кумарланат сага тартып Көргөнчө шашыламын көз алдыма Элестеп жүзүн аппак, татына Кайсыл жерде жүрсөм да оюм сенде Өзүнө күндөн күнгө сүйүүм артып Айтарлык ыраазымын, мен бактыма Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз Жашай берсе деп кылымдарга Сүйүү гүлүм, бүт өмүрүм Арнаймын мен бир сага
  • Балбылдап жанган чырагым элең, Жанымда жүргөн ынагым элең, Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң, Ардагым менин туруксуз белең. Кайырма: Азыр да ойдо элесиң турат, Сагыныч отун өзүңө бурат, Эстесем өткөн күндөрдү, Көзүмдөн жашым агат, куюлат. Андан бери күндөр өттү уланып, А мен болсо жүрөм сени сагынып, Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом, Унутпай эстей жүргүн мени дагы. Кайырма: Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын, Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын, Күтөмүн, күтө берем махабатым, Сүйгөнүм, сүйчү элем сени дагы. Кайырма:
  • Азыр сен алыстасың, менден узап, Арадан өтсө дагы канча убак. Элесиң эстен кетпей туруп алды, Жүрөгүмө салдың беле, Салдың беле кандай тузак? Жазылдың бактысына, таалайына, Табылдың кандай жандын маңдайына? Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен, Элесиңди тумар кылып, Тумар кылып, жүрөгүмө. Сезимди сооротомун, унуткун деп, А бирок, чындыгында, андай эмес. Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы, Жүрөгүмдө жашай берет, Жашай берет сүйкүм элес
  • Жанырган айды корсом, Сени энсеймин. Ачылган гулду коруп, Аны сен деймин. Оо, гулум ,кыйнадын го, Мени мынчалык? Сагындым,саргайдымго, неге келбейсин. Кайырма: Алты тоонун тескейи, Алты куш аны эңсейби? Алсырадым, аздым го, Алтыным эрте келбейби? Жети тоонун тескейи, Жети куш аны эңсейби? Жетимсиреп калдымго, Жейреним эрте келбейби? Озун бил, Максатыңа эми жеттиңби? Озун бил, Биретоло менден кеттинби? Оо, гулум, кыйнадын го, Мени мынчалык? Же гулум, сагындырып, келем дединби? Кайырма: Тогуз тоонун тескейи, Тогузу аны эңсейби? Томсоруп калдым го, Тоо гүлүм эрте келбейби? Отуз тоонун тескейи, Улар аны эңсейби? Буулугуп калдым го, Булбулум эрте келбейби?