Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кечирип кой»
исполнителя Улан Осмон уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кечирип кой сезимиңде ойнодум.
Сүйүп калып чачырады ойлорум.
Канча жолу унутайын десем да,
Сүйүүм күчөп жүрөгүмдү козгоду
Кайырма:
Кечирип кой, кечирип кой садагам,
Кечигиппиз сүйүү жанбас кайрадан
Кечирип кой, кечирип кой суранам,
Жолукканда байкабастан,
Жолукканда байкабастан.
Сагынычта өтөөр менин өмүрүм,
Сенде калды менин өчпөс көңүлүм.
Сен да мени сагынаарсың эскерип
Садагасы койчу мени кечирип.
Кайырма:
Дайыны жок мен өзүңдү сагынам,
Издеп келем элесиңе зарыгып.
Дайым бирге болобуз деп самагам,
Ишеничтүү күндөр келбес кайрадан.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жарты нанымды болорум доке, Мен үчүн канын төгөрүң доке, Жаштыка салып жургөнбуз доске, Жанылсам жолдон сөгөрүм доке, Баскан жолуңду көрөрүм доке, Байкаткан сыйдын көлөмүн доке, Аманат келсе өлөрүм бир күн, Өмүрүм болсо көмөрүм доке. Досундун досу болот дейт доке, Доор сүргөн өмүр толот дейт доке, Ынтымак болсо ортодо доке, Маанисин сөздүн огот дейт доке, Душманын келсе жашындан дос бар, Дубалдай бекем басылган дос бар, Коодонун өзгөн ачылган дос бар, Сары ойдон сага катылган дос бар. Антташкан дос бар касташкан дос бар, Катташкан дос бар такташкан дос бар, Эшиктен кирсе макташкан дос бар, Эшике чыкса жакташкан дос бар, Сыйласа койун сойот дейт доке, Таарыныч болсо жойот дейт доке, Акырет күнү кыйналып турсам, Сени үчүн сообун койот дейт доке.
  • Сенсиз жаным, Менин өмүрлүк жарым. Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө, Сүйүү шооласын мага чачып турган. Күн болуп бир өзүңсүң, сен гана, Сенсиз жаным, Менин өмүрлүк жарым. Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөдө, Жашайсың чоң күч-кубат берип мага. Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз, Жашай берсе деп кылымдарга. Сүйүү гүлүн, бүт өмүрүм, Арнаймын мен бир сага. Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде, Жүрөгүм кумарланат сага тартып. Көргөнчө шашыламын көз алдыма, Элестеп жүзүң аппак, татына. Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде, Өзүңө күндөн-күнгө сүйүүм артып, Айтарлык ыраазымын мен бактыма. Кайырма:
  • Балбылдап жанган чырагым элең, Жанымда жүргөн ынагым элең, Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң, Ардагым менин туруксуз белең. Кайырма: Азыр да ойдо элесиң турат, Сагыныч отун өзүңө бурат, Эстесем өткөн күндөрдү, Көзүмдөн жашым агат, куюлат. Андан бери күндөр өттү уланып, А мен болсо жүрөм сени сагынып, Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом, Унутпай эстей жүргүн мени дагы. Кайырма: Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын, Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын, Күтөмүн, күтө берем махабатым, Сүйгөнүм, сүйчү элем сени дагы. Кайырма:
  • Келчи, жаным, шам жагалы үйүбүзгө толтура, Көңүл ачып отуралы, кайгыргандын ордуна. Келчи, жаным, шам жагалы, ширин сөздөн кеп кылып, Ынтымакты, ырыскыны үйүбүзгө чакырып. Түнү менен, таң атканча шам жагалы тажаганча, Жылдыз калбай тараганча, булбул бакта сайраганча. Жараткандан, Жараткандан бакыт-таалай сураганча, Жараткандан, Жараткандан бакыт-таалай сураганча.