Казахские песни Узбекские песни

Песня «сагыныч»
исполнителя Улан Осмон уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Балбылдап жанган чырагым элең,
Жанымда жүргөн ынагым элең,
Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң,
Ардагым менин туруксуз белең.
Кайырма:
Азыр да ойдо элесиң турат,
Сагыныч отун өзүңө бурат,
Эстесем өткөн күндөрдү,
Көзүмдөн жашым агат, куюлат.
Андан бери күндөр өттү уланып,
А мен болсо жүрөм сени сагынып,
Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом,
Унутпай эстей жүргүн мени дагы.
Кайырма:
Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын,
Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын,
Күтөмүн, күтө берем махабатым,
Сүйгөнүм, сүйчү элем сени дагы.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Азыр сен алыстасың, менден узап, Арадан өтсө дагы канча убак. Элесиң эстен кетпей туруп алды, Жүрөгүмө салдың беле, Салдың беле кандай тузак? Жазылдың бактысына, таалайына, Табылдың кандай жандын маңдайына? Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен, Элесиңди тумар кылып, Тумар кылып, жүрөгүмө. Сезимди сооротомун, унуткун деп, А бирок, чындыгында, андай эмес. Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы, Жүрөгүмдө жашай берет, Жашай берет сүйкүм элес
  • Сенсиз жаным, Менин өмүрлүк жарым. Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө, Сүйүү шооласын мага чачып турган. Күн болуп бир өзүңсүң, сен гана, Сенсиз жаным, Менин өмүрлүк жарым. Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөдө, Жашайсың чоң күч-кубат берип мага. Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз, Жашай берсе деп кылымдарга. Сүйүү гүлүн, бүт өмүрүм, Арнаймын мен бир сага. Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде, Жүрөгүм кумарланат сага тартып. Көргөнчө шашыламын көз алдыма, Элестеп жүзүң аппак, татына. Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде, Өзүңө күндөн-күнгө сүйүүм артып, Айтарлык ыраазымын мен бактыма. Кайырма:
  • Сениз жаным менин өмүрлүк жарым Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө Сүйүү шооласын мага чачып турган Күн болуп бир өзүнсүн, сен гана Сенсиз жаным менин өмүрлүк жарым Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөөдө Жашайсын чоң күч кубат, берип мага Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз Жашай берсе деп кылымдарга Сүйүү гүлүм, бүт өмүрүм Арнаймын мен бир сага Кайсыл жерде журсом да оюм сенде Жүрөгүм кумарланат сага тартып Көргөнчө шашыламын көз алдыма Элестеп жүзүн аппак, татына Кайсыл жерде жүрсөм да оюм сенде Өзүнө күндөн күнгө сүйүүм артып Айтарлык ыраазымын, мен бактыма Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз Жашай берсе деп кылымдарга Сүйүү гүлүм, бүт өмүрүм Арнаймын мен бир сага
  • Жаралдын кайдан омурго, Жараткан барбы конулдо? Тируулук жолун улаган, Ырдайлы омур жонундо. Тогулбо омур тогулбо, Ар куну ойно торумдо! Жуз жылга жете жашайлы, Буйрусун аны корууго. Жакшыдан жашыл бак калып Жамандан журок так калып Мезгилдин улам торуно Барабыз чоогуу аттанып. Жараткан берген белегим, Денеме омур шеригим. Сен барда жыргап жашайын Бир куну таштап кетээрим. Мезгилин жетсе кезекке Тураарсын бир кун бекетте Берген кол ото жакшыдыр Омурго ошол береке. Жакшыдан жашыл бак калып Жамандан журок так калып Мезгилдин улам торуно Барабыз чоогуу аттанып.