Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жубайыма»
исполнителя Улан Осмон уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сениз жаным менин өмүрлүк жарым
Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө
Сүйүү шооласын мага чачып турган
Күн болуп бир өзүнсүн, сен гана
Сенсиз жаным менин өмүрлүк жарым
Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөөдө
Жашайсын чоң күч кубат, берип мага

Кайырма:
Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз
Жашай берсе деп кылымдарга
Сүйүү гүлүм, бүт өмүрүм
Арнаймын мен бир сага

Кайсыл жерде журсом да оюм сенде
Жүрөгүм кумарланат сага тартып
Көргөнчө шашыламын көз алдыма
Элестеп жүзүн аппак, татына
Кайсыл жерде жүрсөм да оюм сенде
Өзүнө күндөн күнгө сүйүүм артып
Айтарлык ыраазымын, мен бактыма

Кайырма:
Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз
Жашай берсе деп кылымдарга
Сүйүү гүлүм, бүт өмүрүм
Арнаймын мен бир сага

Другие песни исполнителя:

  • Жарты нанымды болорум доке, Мен үчүн канын төгөрүң доке, Жаштыка салып жургөнбуз доске, Жанылсам жолдон сөгөрүм доке, Баскан жолуңду көрөрүм доке, Байкаткан сыйдын көлөмүн доке, Аманат келсе өлөрүм бир күн, Өмүрүм болсо көмөрүм доке. Досундун досу болот дейт доке, Доор сүргөн өмүр толот дейт доке, Ынтымак болсо ортодо доке, Маанисин сөздүн огот дейт доке, Душманын келсе жашындан дос бар, Дубалдай бекем басылган дос бар, Коодонун өзгөн ачылган дос бар, Сары ойдон сага катылган дос бар. Антташкан дос бар касташкан дос бар, Катташкан дос бар такташкан дос бар, Эшиктен кирсе макташкан дос бар, Эшике чыкса жакташкан дос бар, Сыйласа койун сойот дейт доке, Таарыныч болсо жойот дейт доке, Акырет күнү кыйналып турсам, Сени үчүн сообун койот дейт доке.
  • Азыр сен алыстасың, менден узап, Арадан өтсө дагы канча убак. Элесиң эстен кетпей туруп алды, Жүрөгүмө салдың беле, Салдың беле кандай тузак? Жазылдың бактысына, таалайына, Табылдың кандай жандын маңдайына? Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен, Элесиңди тумар кылып, Тумар кылып, жүрөгүмө. Сезимди сооротомун, унуткун деп, А бирок, чындыгында, андай эмес. Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы, Жүрөгүмдө жашай берет, Жашай берет сүйкүм элес