Казахские песни Узбекские песни

Песня «ким кунолуу»
исполнителя Улан Осмон уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сени менен бирге жүргөн күндөрдө бактылуу эмес белем,
Достор менен чогу ойноп-күлгөндө кайгылуу эмес элем.
Анан кантип сен экөөбүз таарынып, ажыраштык,
Болуп өткөн бул кыямат сүйүүдө, күнөөлүү сенби же менби?
Сен жылмайып мага карап күлгөндө мен бактылуу,
Мен жылмайып сенин бетиң өпкөндө сен бактылуу.
Анан кантип сен экөөбүз таарынып, ажыраштык,
Болуп өткөн бул кыямат сүйүүдө, күнөөлүү сенби же менби?
Болду эми мен ишенбейм, сүйүүгө,
Сүйүп жүрүп калтыргым жок, күнөөгө.
Суранарым сен экөөбүз жолукканда токтобочу,
Көзүң менен сен сүйүп жүрөгүмдү, козгобочу…
Суранарым сен экөөбүз жолукканда токтотпочу,
Көзүң менен сен сүйүп жүрөгүмдү, козгобочу…

Другие песни исполнителя:

  • Сениз жаным менин өмүрлүк жарым Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө Сүйүү шооласын мага чачып турган Күн болуп бир өзүнсүн, сен гана Сенсиз жаным менин өмүрлүк жарым Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөөдө Жашайсын чоң күч кубат, берип мага Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз Жашай берсе деп кылымдарга Сүйүү гүлүм, бүт өмүрүм Арнаймын мен бир сага Кайсыл жерде журсом да оюм сенде Жүрөгүм кумарланат сага тартып Көргөнчө шашыламын көз алдыма Элестеп жүзүн аппак, татына Кайсыл жерде жүрсөм да оюм сенде Өзүнө күндөн күнгө сүйүүм артып Айтарлык ыраазымын, мен бактыма Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз Жашай берсе деп кылымдарга Сүйүү гүлүм, бүт өмүрүм Арнаймын мен бир сага
  • Азыр сен алыстасың, менден узап, Арадан өтсө дагы канча убак. Элесиң эстен кетпей туруп алды, Жүрөгүмө салдың беле, Салдың беле кандай тузак? Жазылдың бактысына, таалайына, Табылдың кандай жандын маңдайына? Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен, Элесиңди тумар кылып, Тумар кылып, жүрөгүмө. Сезимди сооротомун, унуткун деп, А бирок, чындыгында, андай эмес. Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы, Жүрөгүмдө жашай берет, Жашай берет сүйкүм элес
  • Балбылдап жанган чырагым элең, Жанымда жүргөн ынагым элең, Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң, Ардагым менин туруксуз белең. Кайырма: Азыр да ойдо элесиң турат, Сагыныч отун өзүңө бурат, Эстесем өткөн күндөрдү, Көзүмдөн жашым агат, куюлат. Андан бери күндөр өттү уланып, А мен болсо жүрөм сени сагынып, Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом, Унутпай эстей жүргүн мени дагы. Кайырма: Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын, Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын, Күтөмүн, күтө берем махабатым, Сүйгөнүм, сүйчү элем сени дагы. Кайырма:
  • Сенсиз жаным, Менин өмүрлүк жарым. Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө, Сүйүү шооласын мага чачып турган. Күн болуп бир өзүңсүң, сен гана, Сенсиз жаным, Менин өмүрлүк жарым. Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөдө, Жашайсың чоң күч-кубат берип мага. Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз, Жашай берсе деп кылымдарга. Сүйүү гүлүн, бүт өмүрүм, Арнаймын мен бир сага. Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде, Жүрөгүм кумарланат сага тартып. Көргөнчө шашыламын көз алдыма, Элестеп жүзүң аппак, татына. Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде, Өзүңө күндөн-күнгө сүйүүм артып, Айтарлык ыраазымын мен бактыма. Кайырма:
  • Таным атып кунум батса да, Мезгил сызып отуп жатса да. Сени куто беремин, Сени куто беремин. Тагдырыбыз кайчы болсо да, Сагынычка созум толсо да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Сен жонундо жаман айтса да, Кызганычым толкуп ашса да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Кылыктарын чектен ашса да, Кылган ишин жанга батса да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Беш кундук бул жалган омурдо, Умут берип назик конулго. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Жомок эмес мендеги сезим, Кыялымдан кетпейсин менин. Сени куто беремин, Сени куто беремин. Созун ачуу тийип жатса да, Конул ооруп жашым акса да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Алмаштырбайм сени башкага, Махабатым жаным садага. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин.