Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жамгырдын тамчысы»
исполнителя Калыс Жакыпов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Түнкү салкын жамгырлар себелеп
Асманды кара булут баскан
Кайгырганда кубантарга жан керек
Кыйындыктырга карабастан
Сен мени жылытып, суугуна жамгырдын
Бирге болсоң жанымда!
Бир өзүнсүң өмүрдү жетелеген жан
Сен мени бакытка!
Жамгырдын тамчысы саат менен жарышып
Көрүүгө сени шашып барам
Жамгырга багынып, сени мен сагынып
Аба ырайынан барбы кабар?
Бүгүн барам жалгызым сагынып
Жааган ак жаанга карабастан
Жыйналган кусалыгымдын саны арбын
Жамгырдын тамчысынан
Сен мени жылытып, суугуна жамгырдын
Бирге болсоң жанымда!
Бир өзүнсүң өмүрдү жетелеген жан
Сен мени бакытка!
Жамгырдын тамчысы саат менен жарышып
Көрүүгө сени шашып барам
Жамгырга багынып, сени мен сагынып
Аба ырайынан барбы кабар?

Другие песни исполнителя:

  • Жазгы шамал жумшак сылап самайыңдан Байке дейсиң чын жүрөктөн мени сыйлай Гитар чертип олтурамын мандайыңда А сен болсо тим турасың мени сынай Жылдыздай жанган көзүңдөн Айланам сенин өзүңдөн Түбөлүк гүлүм болсо дейм Тилеймин сени теңирден, менин сүйүүм Сен гүл болсоң кол жетпеген аскадагы Мен күн болсом шоола чачкан асмандагы Сен гүл болсоң айланаңды, кайтарайын Жан жагына жолотпостон эч бир жанды Жылдыздай жанган көзүңдөн Айланам сенин өзүңдөн Түбөлүк гүлүм болсо дейм Тилеймин сени теңирден, менин сүйүүм
  • Апакай жылуу колуңдун Табына жылынайынчы Алдыңа жатып ыңаалап апа Алдейле ыр угайынчы Алдейле ыр угайынчы Мамыктай жылуу койнуңдан Мээримге бөлөнөйүнчү Мезгилди артка кайрычы апа Мен кайра төрөлөйүнчү Эртеңим билбейм эмине Э болду ойлобоюнчу Адамдар мени ыйлатса апа Алдейле соороноюнчу Алдейле ыр угайынчы Мамыктай жылуу койнуңдан Мээримге бөлөнөйүнчү Мезгилди артка кайрычы апоу Мен кайра төрөлөйүнчү Өмүрдө болуп өткөнгө Өкүнүп карабайынчы Катамды оңдоп алышка апоу Кайра бир жаралайынчы Кайра бир жаралайынчы Мамыктай жылуу койнуңдан Мээримге бөлөнөйүнчү Мезгилди артка кайрычы апоу Мен кайра төрөлөйүнчү Катамды оңдоп алышка апоу Кайра бир жаралайынчы