Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арпанын Ала-Тоосунан»
исполнителя Керим Турапов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Арпанын Ала-Тоосунан,
Аркарын атсам зоосунан.
Ардактуу шумкар экен деп,
Алсам дейм куштун боосунан.
Айлыңа күндө баргандан,
Артымды ойлоп чочунам.
Асылкеч сендей келиндин,
Айлантып өпсөм оозунан.
Кар кетпес Ала-Тоосунан,
Карасам кийик зоосунан.
Кадимки шумкар экен деп,
Кармасам куштун боосунан.
Калкыңа күндө баргандан,
Капырай, минтип чочунам.
Кадыркеч сендей келиндин,
Кайрылтып өпсөм оозунан.

Другие песни исполнителя:

  • Тамчыдай денедеги сүтүң менен, Талпынтып ак бешикке баккан энем. Нуруңа, мээримиңе магдыраткан, Маңдайда менин батпас күнүм белең?.. Кайырма: Асыл энем, таалайым — сенсиң энем, Жыргалым — сен, бакытым — сен, Сүйүктүү менин энем. Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай, Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем. Алдыңа ажал келип турса дагы, Мен үчүн жанды курман кылат элең. Кайырма: Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө, Асманда ай нурундай асыл энем. Көзүңдүн карегиндей көп аяган, Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
  • Эски там ээн турат кыштагыңда, «Эбактан ээси жок» деп бузбагыла. Түбү бир тууган болом мен силерге, Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла. Бозоргон боз там турса жол боюнда, Боордош бирөө бар деп ойлогула. Ата-энем ак тилектен салган эле, Арбагын унут кылып койбогула. Көз салып аз болсо да бак-шагына, Жеримди алакандай сактагыла. Тагдырга айла канча, барбай калсам, Тизмеге балдарымды каттагыла.
  • Кылымдардан кылым карытып, Кызыл-Суунун суусу агылып. Бал жыттанган таттуу кымыздай, Туулган жердин суусун сагындым. Жүрсөм дагы алыс араңдан, Ата Журтум кетпейт санаамдан. Акыл айтып, асыл кеп айткан, Аталардын кебин сагынам. Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан, Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган. Ышкын терип аска-зоосунан, Жүргөн күнүм эстеп сагынам. Жылаңайлак, чырпык ат минип, Жылгалардан тунук суу кечип. Балтырымды тилип караган, Балалыгым эстеп сагынам. Коңур-Дөбө — жайлоо, жашыл төр, Коңур желдүү, салкын, асыл жер. Кокту, белес, күнгөй-тескейден, Кой кайтарган күнүм сагынам. Түндүгүнөн түтүн булатып, Апам жапкан нанды сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам жүргөн жерди сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам конгон журтту сагынам.