Казахские песни Узбекские песни

Керим Турапов.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Керим Турапов

  • Тамчыдай денедеги сүтүң менен, Талпынтып ак бешикке баккан энем. Нуруңа, мээримиңе магдыраткан, Маңдайда менин батпас күнүм белең?.. Кайырма: Асыл энем, таалайым — сенсиң энем, Жыргалым — сен, бакытым — сен, Сүйүктүү менин энем. Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай, Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем. Алдыңа ажал келип турса дагы, Мен үчүн жанды курман кылат элең. Кайырма: Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө, Асманда ай нурундай асыл энем. Көзүңдүн карегиндей көп аяган, Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
  • Ала-Тоого кыргыз коңгондо, Айланып сен жылдыз борборго. Ак жолтойлуу үйгө айландың, Арга барбы сүйбөй койгонго?! Кайырма: Бишкегим, Бишкегим борборум сен, Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен. Бактылуу сеземин түшкө кирсең, Бар болгун, бар болгун, Бишкегим сен. Көргөндөрдүн көзү күйгөн жер, Көкөлөтүп көбү сүйгөн жер. Келип сенден бакыт табышат, Кең дүйнөгө батпай жүргөндөр. Кайырма: Тагдыр күтүп достук шаарындай, Жагыласың өмүр шамындай. Жүрөгүмдүн оту барында, Жүрө албаймын сени сагынбай.
  • Эски там ээн турат кыштагыңда, «Эбактан ээси жок» деп бузбагыла. Түбү бир тууган болом мен силерге, Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла. Бозоргон боз там турса жол боюнда, Боордош бирөө бар деп ойлогула. Ата-энем ак тилектен салган эле, Арбагын унут кылып койбогула. Көз салып аз болсо да бак-шагына, Жеримди алакандай сактагыла. Тагдырга айла канча, барбай калсам, Тизмеге балдарымды каттагыла.
  • Арпанын Ала-Тоосунан, Аркарын атсам зоосунан. Ардактуу шумкар экен деп, Алсам дейм куштун боосунан. Айлыңа күндө баргандан, Артымды ойлоп чочунам. Асылкеч сендей келиндин, Айлантып өпсөм оозунан. Кар кетпес Ала-Тоосунан, Карасам кийик зоосунан. Кадимки шумкар экен деп, Кармасам куштун боосунан. Калкыңа күндө баргандан, Капырай, минтип чочунам. Кадыркеч сендей келиндин, Кайрылтып өпсөм оозунан.
  • Кылымдардан кылым карытып, Кызыл-Суунун суусу агылып. Бал жыттанган таттуу кымыздай, Туулган жердин суусун сагындым. Жүрсөм дагы алыс араңдан, Ата Журтум кетпейт санаамдан. Акыл айтып, асыл кеп айткан, Аталардын кебин сагынам. Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан, Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган. Ышкын терип аска-зоосунан, Жүргөн күнүм эстеп сагынам. Жылаңайлак, чырпык ат минип, Жылгалардан тунук суу кечип. Балтырымды тилип караган, Балалыгым эстеп сагынам. Коңур-Дөбө — жайлоо, жашыл төр, Коңур желдүү, салкын, асыл жер. Кокту, белес, күнгөй-тескейден, Кой кайтарган күнүм сагынам. Түндүгүнөн түтүн булатып, Апам жапкан нанды сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам жүргөн жерди сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам конгон журтту сагынам.
  • Бирде жигит төө минет, Бирде жигит жөө жүрөт. Төө мингенде жигитти Төбөсүнө көтөрүп, Төгөрөктөп эл жүрөт. Жөө жүргөндө жигитти «Жөн жүрбүйт го мобул» деп, Жөөлөй түртүп эл күлөт. Аскар тоонун этеги Барып-барып чат болот. Бир атанын балдары, Алты тууган болсо да, Катташпаса жат болот. Ага-иниңди жаман деп, Тууган кайдан табылмак? Аргымакты жаман деп, Буудан кайдан табылмак? Жалгыз өгүз кош эмес, Жаакташкан дос эмес. Жакшы-жаман күндөрү Жардам берип жаныңда, Жан күйбөсө дос эмес. Тайгак жолдо, тар жолдо, Тагдыр тайкы болгондо, Тамашалап кеп айтып, Табалаган дос эмес. Ага-иниңдин кадырын, Өзү барда билип жүр. Карызы бар бабанын, Ата-энеңдин кадырын, Көзү барда билип жүр. Кулун кезден өстүргөн, Ээсин тепкен ат жаман. Өзөк өрттөп, куйкалап, Өздөн чыккан жат жаман. Көптү көргөн аксакал Кары болот, билип жүр. Кары сөзүн капка сал, Кары сөзү жаштарга Дары болот, билип жүр. Керкейгенге керкейгин, Көктөн түшкөн пир эмес Ийилгенге ийилгин, Баалап берген кул эмес. Алган жарың Айпери, Айдын кызы болсо да, Ажаандашып, кыйкырып, Айтканыңа көнбөсө, Сулуулугу не пайда? Аркан-жипти үзгүлөп, Азоолонгон кез кайда? Аштан, тойдон калган соң, Күлүктүгү не пайда? Күлүктүгү не пайда? Сулуулугу не пайда?
  • Кылымдарды каарытып сапар улап Сансыз мезгил аккандай улуу булап Эзелтеден улуу сөз ырым курап Карегиме бүткөн сүйүү той Асыл чырак Кайырма: Кыргызымдын журогундо Ошу бар Кыргызымдын журогундо Оту бар Ыйык шаарым аалам баткыс атың бар Жылдыз шаарым Сулаймандай затың бар Күн түнөгөн күнөс шаарым Ошум сен Ыйыгымсың айтып бүткөс сырымсың Пайгамбарлар түнөп өткөн бейиш жер Куттуу шаарым кут бүткөн ырысымсың Үч миң жылы алкынып аккан дайра Ак буурадан жаралган өмүр кайра Мажүрүм тал миң чачы ус сулуунун Жүрөктөргө нурун чачкан от сүйүүнү