Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаны жыл»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аппак кар жаады айлана көрктөп күмүштөй күлүмдөп
Жаңы жыл келди жадырап жайнап балалык сүйүүнүп
Ар бир күн түскө кулпунат балаты
Кел досум карачы
Шаң менен бул кечте кармашып биз колду
Бийлейли ырдайлы

Келгиле достор биз ырдап бирге көңүлдү ачалы
Жаңы жыл келди жар салып калкыма сүйүнчүү айталы

Кайырма:

Жаңы жылым келип калды
Бакыт тилеп журтума калкыма
Аяз ата тилек каалап
Биз куралы оюн зоок тамаша

Зал ичи шаңдуу ыр күлкүгө толуп
Шам жанат шанданат
Аяз кыз кулпунат сиздерге тартуулап
Жаңылмач табышмак

Кел досум табалы оюнга баталы
Бизде бул маскарад
Ырыскы жаратсын түбөлүк ынтымак
Жашасын ынтымак

Другие песни исполнителя:

  • Сезбейсиз балким менин сүйөрүмдү Сезимде балдак менен жүрөрүмдү Жөн гана амандашып өтөсүз эй Жетелеп жаркылдаган түгөйүңдү түгөйүңдү Калаксыз калкыйт жалгыз кайык көлдө Каралдым кантип жашайт балык чөлдө Өмүрлөш жубайыңды билип туруп Өзүңдү сүйүп калган айып менде Көңүлгө сүйүү таңы керек жаздай Ыр жазсам бир өзүңдөн бөлөк жазбайм Кымбатым эй сизди сүйдүм аттиң бирок Кыйналдым унутууга себеб таппай
  • Мен кыргыздын кызымын, Жашоонун билген жомогун. Жылдыз кыргыз киндиктеш, Эгиз деп теңир ат койгон. Эне сүтүнөн кошо аккан, Балага өткөн мээримиң. Ата сөөгүнөн жаралган, Туяк улаган батамын. Мен кыргыздын кызымын, Манастан тегим бүткөн. Мен Курманжан, Каныкей, Мурастап элим күткөн. Кайып дүйнө жашоодон, Кабылан жөлөмөн бүткөн. Айын менен күнүңдүн, Дал өзүнөн түшкөм. Мен кыргыздын кызымын, Канатым жайылган асман. Мээ сергитип эс алдырган, Керемет күүлөр жараткан. Суу, от, ташка кубула, Касиет сырым ушунда. Шамал болуп кулпура, Бешигин термейм жердин да.