Казахские песни Узбекские песни

Кенже Көбөкова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Кенже Көбөкова

  • Сен болсоң тоонун улары, Мен болсом аккан булагы. Булактан улар суу ичсе, Таркайбы жандын кумары? Жаз айы, жамгыр төккөндө, Жаз айы, сулуу көктөмдө, Элжиреп кетти жүрөгүм, Алгачкы жолу өпкөндө. Сен болсоң көлдүн кайыгы, Мен болсом анын балыгы. Кайыкка балык жанашса, Болбостур анын айыбы. Узасаң болду алыска, Жарасаң болду намыска. Сүзмөдөй аппак жүзүңдөн, Өптүрүп койчу карызга, Сүйдүрүп койчу карызга.
  • Аппак кар жаады айлана көрктөп күмүштөй күлүмдөп Жаңы жыл келди жадырап жайнап балалык сүйүүнүп Ар бир күн түскө кулпунат балаты Кел досум карачы Шаң менен бул кечте кармашып биз колду Бийлейли ырдайлы Келгиле достор биз ырдап бирге көңүлдү ачалы Жаңы жыл келди жар салып калкыма сүйүнчүү айталы Кайырма: Жаңы жылым келип калды Бакыт тилеп журтума калкыма Аяз ата тилек каалап Биз куралы оюн зоок тамаша Зал ичи шаңдуу ыр күлкүгө толуп Шам жанат шанданат Аяз кыз кулпунат сиздерге тартуулап Жаңылмач табышмак Кел досум табалы оюнга баталы Бизде бул маскарад Ырыскы жаратсын түбөлүк ынтымак Жашасын ынтымак
  • Толкубас деңиз да күнү түн Токтотор шамалда жүрүшүн Токтобос үзүлбөс энеке Эч качан балаңдан үмүтүн Энеке энеке Азамат болсоң жетик бол Адилдик жаткан бешик бол Теңирдин жолу ошондой уулум Текебер болбой тетик бол Гүлдүн да соолорун билемин Күн деле соолутат илебин Кирдебес соолубас бир гана Энелик эң аруу тилегин Энеке энеке Уйкаш бол уулум жакшы ырга Уяттан ардан тапчылба Аңдабай жаман сөз сүйлөп уулум Адамдын көңүлүн калтырба Сен барда бакчама гүл анат Өзүңсүз чалынсам гүлүңө Бактылуу күнүмдү бөксөртпөй Жаркырап жанымда жүрө бер Энеке энеке Байсалдуу болсун сапарың Байлыкка толсун базарың Сылык бол жана сыпа бол уулум Сынбасын десең назарың Сый урмат көрүп жүрөлү бирге Жашоонун көрүп жыргалын
  • Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы, Каалабадым сенден бөлөк, башканы. Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн, Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы. Кайырма: Баягыңдай күлчү кайра, Бажырайып жүрчү кайра. Баягыңдай эч кайгырбай, Баягыңдай сүйчү кайра. Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө, Көңүл толуп тең келбеди өзүңө. Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп, Тагдыр сени энчилептир өзүмө. Кайырма: Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү, Канча жолу капа кылдым өзүңдү. Кечир, жаным, суранарым, кечирсең, Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү. Кайырма:
  • Сезимге изин калтырар, Сездирбей күйүп жаркырар, Себепкер болуп ар ишке, Сүрөтү көзгө тартылар. Секунддар сайын ойлонткон, Сенде да максат бар чыгар. Жашоо жол менен чектелер, Жаш кезде иш көп кез келер. Жактырып бирин иштеп кал, Жакшылап байкап сезсеңер, Жашыл гүл солуйт бир күнү, Жаш бойдон калбайт эстеңер. Арманда өмүр өтпөсүн, Ардакта көңүл чөкпөсүн. Акыры чачтар кыйырат, Айтпасак да өңгөсүн, Азыркы жыргал турмушта, Алтындай жаштык көктөсүн, Алоолоп жанып, Ак сүйүү шамы өчпөсүн. Жылдыздар көктөн таранып, Жымындайт бизди каратып, Жаркырай чачса нурларын, Жадыма түшөт балалык. Жалындуу жаштык барында, Жакшы жол тандап алалык, Жаркырай күлчү, Жазылсын черлер таралып.
  • Бүтүмү жок чечимдери чечилбей Кыял күйүп үмүттөрү үшүгөн Жүрөк сыздап жүлүндөрүм зыркырап Өзүм тоюп сүйүп калдым мен ичимден Балким алдоо көкүрөктүн багыты Көзгө каткан каректеги сагынчым Арзуу тилеп араң жүргөн жан элем Уулу тарткан келип жүрөт айыккым Соорото албай өбөк — өбөк буркурап Сөз соңу жок жаздын сенден ыркырап Ай ааламдан кайык болуп келгендей Дайынын таппай турам неге туңжурап
  • Аппакай бул бакчага саамайыңды Турмушуң түшүргөн го маанайыңды Мен болсо жалгыз учкан каркырадай Жүргөнмүн издеп өткөн таалайымды таалайымды Мен үчүн жалгыз гана адам элең Өзүңө жипсиз байлап тушап алган Кайдасың менин өчпөс махабатым Жаштыгым бирге өткөргөн кайда калган кайда калган Махабат сулуулугу жазгы гүлдөй Учурдук бакыт кушун баркын билбей Алыстан көз салышып жүрүшөрбүз Тоолордун чокусунда мөңгүсүндөй мөңгүсүндөй
  • Көп ийрим көлдүн ай жээгинде Кееч курун чыгам сейилге Аккуулар сүзгөн айдың көл Ансайын жагат көңүлгө Гүлдөрүн терип бакыттын жаштыктын Ошого да мен да ашыкмын Эт жүрөк эргип туйлады кыйнады Ашыкмын жаным ашыкмын Күн батса да өзөн шаркырап ай чыгар Туйлаган жүрөк басылар Сүйгөнүм сени сүйгөнум билбедиң Мени да сүйгөн бар чыгар Ашыкмын жаным ашыкмын
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Алыстан бүлбүл жанып Ак кеме сүзүп келет Алданып үмүтүнө Арга жок күйүтүнө Бармактай байкуш бала Атасын издеп келет Делбиреп учуп-күйүп Жээкке жетип барар Атасы кайрылбастан Кемеси кайрылбастан Мууңкандын заарын укпай Алыстап кетип калат Ак кеме ак кеме Каралдым ата Кайрылчы мага Сагындым сени Ала келет мени Таштаба мени Шыбырап жашын төгүп Узатып кала берет Ал дагы үмүтүнө Арга жок күйүтүнө Кантсе да кала берет Жашын төгө берет Көз жашын төгө берет
  • Куса кылган менин жаштыгым Ырда биздин кучагымды ач бүгүн Ошол кездер бүтпөчүдөй сезилген Жаштык кезде билбептирмин аздыгын Кайырма: Гүлдөр терип тоодо жүргөн күндөр ай Көчөө бойлоп жер таптаган жылдар ай Жаш өткөндө көздөн учуп калаарын Аны сезип билип жүрдү кимдер ай Өкүнүчү кубанычы коштогон Күндөр өттү ырга туйбай боздогон Эсимде жок элге кызмат кылмакмын Ойлор келет кээде жүрөк козгогон Жан дүйнөмө жакчу сөздү табамын Жан дүйнөмө жакчу сөздү табамын Өткөн күндөр бизге жашоо сабагы Өкүнүчтөр болбос ушул турмушта Ар учурду баалап барктап калалы
  • Карегиңди шат кыларым Каарааныңды жактырам, ай Көп ичинен издеп жүрүп, Көздөрүңдү тапты жаным. Күнү-түнү ойлонорум Күдөр үзбөй толгонорум Көп күттүргөн бакытым деп, Көңүлүмдө болжогонум. Тагдырыма табылганым, Таалайыма жазылганың, ай Узап кеткен сапарымдай Учу бүтпөс кол кармадым Жүрөгүмө тандаганым, Жүгөнү жок кармаганым Бир бүтүнгө айланалы Бир өмүрдү арна жаным.
  • Сайраган булбул тилиндей, Көрүнүп көзгө илинбей. Жаш кезек өтөт турбайбы. Жадырап-жайнап билинбей. Селкилер менен алышып, Бозойлор менен жарышып. Жүргөндү эстеп, самасам, Жүрөгүм кетет сайышып. Чечедей болуп кадала, Түшпөйт го ал кез санаамдан. Чачымды бурул басса да, Картайтпайт менин заманам
  • Мен кыргыздын кызымын, Жашоонун билген жомогун. Жылдыз кыргыз киндиктеш, Эгиз деп теңир ат койгон. Эне сүтүнөн кошо аккан, Балага өткөн мээримиң. Ата сөөгүнөн жаралган, Туяк улаган батамын. Мен кыргыздын кызымын, Манастан тегим бүткөн. Мен Курманжан, Каныкей, Мурастап элим күткөн. Кайып дүйнө жашоодон, Кабылан жөлөмөн бүткөн. Айын менен күнүңдүн, Дал өзүнөн түшкөм. Мен кыргыздын кызымын, Канатым жайылган асман. Мээ сергитип эс алдырган, Керемет күүлөр жараткан. Суу, от, ташка кубула, Касиет сырым ушунда. Шамал болуп кулпура, Бешигин термейм жердин да.
  • Бүлүк салып сезимиме Жүрөк отун ойготтуң Үмүтүмдү ээлеп алып Махабатты ойгонттуң Асылкечим чече албадым Ичтеги өйүгөн сырды Арман кылып ырдайм ушул ырымды Унчукпайсың Мен да унчукпай кыйналам Аттиң ай кыйналам Дараметим жетпейт экен Сени сүйбөй коюуга Ак сүйүүнүн нурун төкчү Сага барар жолума Сени менен бирге болуп Ой чабытын коштоймун Асылкечим махабатсыз жашай албайт окшоймун
  • Асыл тукум мингениң, Салкын төр жайлоо жүргөнүм. Эриктим жылкы кайтарып, Кайдасың, келчи сүйгөнүм. Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн, Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн. Санаадан такыр чыкпайсың, Сагындым, келчи сүйгөнүм. Мен жылкычы, сен чабан Кыйкырып добуш үн салам. Өлкөбүз үчүн иштейли, Өркүндөп өссүн гүл заман.