Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жылкычынын ыры»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Асыл тукум мингениң,
Салкын төр жайлоо жүргөнүм.
Эриктим жылкы кайтарып,
Кайдасың, келчи сүйгөнүм.

Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн,
Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн.
Санаадан такыр чыкпайсың,
Сагындым, келчи сүйгөнүм.

Мен жылкычы, сен чабан
Кыйкырып добуш үн салам.
Өлкөбүз үчүн иштейли,
Өркүндөп өссүн гүл заман.

Другие песни исполнителя:

  • Толкубас деңиз да күнү түн Токтотор шамалда жүрүшүн Токтобос үзүлбөс энеке Эч качан балаңдан үмүтүн Энеке энеке Азамат болсоң жетик бол Адилдик жаткан бешик бол Теңирдин жолу ошондой уулум Текебер болбой тетик бол Гүлдүн да соолорун билемин Күн деле соолутат илебин Кирдебес соолубас бир гана Энелик эң аруу тилегин Энеке энеке Уйкаш бол уулум жакшы ырга Уяттан ардан тапчылба Аңдабай жаман сөз сүйлөп уулум Адамдын көңүлүн калтырба Сен барда бакчама гүл анат Өзүңсүз чалынсам гүлүңө Бактылуу күнүмдү бөксөртпөй Жаркырап жанымда жүрө бер Энеке энеке Байсалдуу болсун сапарың Байлыкка толсун базарың Сылык бол жана сыпа бол уулум Сынбасын десең назарың Сый урмат көрүп жүрөлү бирге Жашоонун көрүп жыргалын
  • Аппак кар жаады айлана көрктөп күмүштөй күлүмдөп Жаңы жыл келди жадырап жайнап балалык сүйүүнүп Ар бир күн түскө кулпунат балаты Кел досум карачы Шаң менен бул кечте кармашып биз колду Бийлейли ырдайлы Келгиле достор биз ырдап бирге көңүлдү ачалы Жаңы жыл келди жар салып калкыма сүйүнчүү айталы Кайырма: Жаңы жылым келип калды Бакыт тилеп журтума калкыма Аяз ата тилек каалап Биз куралы оюн зоок тамаша Зал ичи шаңдуу ыр күлкүгө толуп Шам жанат шанданат Аяз кыз кулпунат сиздерге тартуулап Жаңылмач табышмак Кел досум табалы оюнга баталы Бизде бул маскарад Ырыскы жаратсын түбөлүк ынтымак Жашасын ынтымак