Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен Кыргыздын кызымын»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен кыргыздын кызымын,
Жашоонун билген жомогун.
Жылдыз кыргыз киндиктеш,
Эгиз деп теңир ат койгон.

Эне сүтүнөн кошо аккан,
Балага өткөн мээримиң.
Ата сөөгүнөн жаралган,
Туяк улаган батамын.

Мен кыргыздын кызымын,
Манастан тегим бүткөн.
Мен Курманжан, Каныкей,
Мурастап элим күткөн.

Кайып дүйнө жашоодон,
Кабылан жөлөмөн бүткөн.
Айын менен күнүңдүн,
Дал өзүнөн түшкөм.

Мен кыргыздын кызымын,
Канатым жайылган асман.
Мээ сергитип эс алдырган,
Керемет күүлөр жараткан.

Суу, от, ташка кубула,
Касиет сырым ушунда.
Шамал болуп кулпура,
Бешигин термейм жердин да.

Другие песни исполнителя:

  • Сен болсоң тоонун улары, Мен болсом аккан булагы. Булактан улар суу ичсе, Таркайбы жандын кумары? Жаз айы, жамгыр төккөндө, Жаз айы, сулуу көктөмдө, Элжиреп кетти жүрөгүм, Алгачкы жолу өпкөндө. Сен болсоң көлдүн кайыгы, Мен болсом анын балыгы. Кайыкка балык жанашса, Болбостур анын айыбы. Узасаң болду алыска, Жарасаң болду намыска. Сүзмөдөй аппак жүзүңдөн, Өптүрүп койчу карызга, Сүйдүрүп койчу карызга.
  • Бүтүмү жок чечимдери чечилбей Кыял күйүп үмүттөрү үшүгөн Жүрөк сыздап жүлүндөрүм зыркырап Өзүм тоюп сүйүп калдым мен ичимден Балким алдоо көкүрөктүн багыты Көзгө каткан каректеги сагынчым Арзуу тилеп араң жүргөн жан элем Уулу тарткан келип жүрөт айыккым Соорото албай өбөк — өбөк буркурап Сөз соңу жок жаздын сенден ыркырап Ай ааламдан кайык болуп келгендей Дайынын таппай турам неге туңжурап
  • Аппак кар жаады айлана көрктөп күмүштөй күлүмдөп Жаңы жыл келди жадырап жайнап балалык сүйүүнүп Ар бир күн түскө кулпунат балаты Кел досум карачы Шаң менен бул кечте кармашып биз колду Бийлейли ырдайлы Келгиле достор биз ырдап бирге көңүлдү ачалы Жаңы жыл келди жар салып калкыма сүйүнчүү айталы Кайырма: Жаңы жылым келип калды Бакыт тилеп журтума калкыма Аяз ата тилек каалап Биз куралы оюн зоок тамаша Зал ичи шаңдуу ыр күлкүгө толуп Шам жанат шанданат Аяз кыз кулпунат сиздерге тартуулап Жаңылмач табышмак Кел досум табалы оюнга баталы Бизде бул маскарад Ырыскы жаратсын түбөлүк ынтымак Жашасын ынтымак