Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагыныч»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен болсоң тоонун улары,
Мен болсом аккан булагы.
Булактан улар суу ичсе,
Таркайбы жандын кумары?
Жаз айы, жамгыр төккөндө,
Жаз айы, сулуу көктөмдө,
Элжиреп кетти жүрөгүм,
Алгачкы жолу өпкөндө.
Сен болсоң көлдүн кайыгы,
Мен болсом анын балыгы.
Кайыкка балык жанашса,
Болбостур анын айыбы.
Узасаң болду алыска,
Жарасаң болду намыска.
Сүзмөдөй аппак жүзүңдөн,
Өптүрүп койчу карызга,
Сүйдүрүп койчу карызга.

Другие песни исполнителя:

  • Аппак кар жаады айлана көрктөп күмүштөй күлүмдөп Жаңы жыл келди жадырап жайнап балалык сүйүүнүп Ар бир күн түскө кулпунат балаты Кел досум карачы Шаң менен бул кечте кармашып биз колду Бийлейли ырдайлы Келгиле достор биз ырдап бирге көңүлдү ачалы Жаңы жыл келди жар салып калкыма сүйүнчүү айталы Кайырма: Жаңы жылым келип калды Бакыт тилеп журтума калкыма Аяз ата тилек каалап Биз куралы оюн зоок тамаша Зал ичи шаңдуу ыр күлкүгө толуп Шам жанат шанданат Аяз кыз кулпунат сиздерге тартуулап Жаңылмач табышмак Кел досум табалы оюнга баталы Бизде бул маскарад Ырыскы жаратсын түбөлүк ынтымак Жашасын ынтымак
  • Кайда жүрсө карааның, кайдан сени табам? Чындыгында, өзүмдү бактысыз деп санаймын. Жүрөктүн каны жанымды кыйнайт, Кайда кеттиң сен? Кайда жүрдүң сен, сен, сен, Асыл ардагым, менин ардагым? Мен отурам жаныңда көз жашымды тыя албай, Махабаттын отуна күйүп-жанып чыдабай. Жүрөктүн каны жанымды кыйнайт, Кайда кеттиң сен? Кайда жүрдүң сен, сен, сен, Асыл арманым, менин арманым? Уктай албай түнкүсүн сарсанаага батамын, Сенсиз таңды атырам тартып сүйүү азабын. Жүрөктүн каны жанымды кыйнайт, Кайда кеттиң сен? Кайда жүрдүң сен, сен, сен, Асыл ардагым, менин алтыным?
  • Көп ийрим көлдүн ай жээгинде Кееч курун чыгам сейилге Аккуулар сүзгөн айдың көл Ансайын жагат көңүлгө Гүлдөрүн терип бакыттын жаштыктын Ошого да мен да ашыкмын Эт жүрөк эргип туйлады кыйнады Ашыкмын жаным ашыкмын Күн батса да өзөн шаркырап ай чыгар Туйлаган жүрөк басылар Сүйгөнүм сени сүйгөнум билбедиң Мени да сүйгөн бар чыгар Ашыкмын жаным ашыкмын