Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кол жееги»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көп ийрим көлдүн ай жээгинде
Кееч курун чыгам сейилге
Аккуулар сүзгөн айдың көл
Ансайын жагат көңүлгө

Гүлдөрүн терип бакыттын жаштыктын
Ошого да мен да ашыкмын
Эт жүрөк эргип туйлады кыйнады
Ашыкмын жаным ашыкмын

Күн батса да өзөн шаркырап ай чыгар
Туйлаган жүрөк басылар
Сүйгөнүм сени сүйгөнум билбедиң
Мени да сүйгөн бар чыгар
Ашыкмын жаным ашыкмын

Другие песни исполнителя:

  • Карегиңди шат кыларым Каарааныңды жактырам, ай Көп ичинен издеп жүрүп, Көздөрүңдү тапты жаным. Күнү-түнү ойлонорум Күдөр үзбөй толгонорум Көп күттүргөн бакытым деп, Көңүлүмдө болжогонум. Тагдырыма табылганым, Таалайыма жазылганың, ай Узап кеткен сапарымдай Учу бүтпөс кол кармадым Жүрөгүмө тандаганым, Жүгөнү жок кармаганым Бир бүтүнгө айланалы Бир өмүрдү арна жаным.
  • Кечигип жылдардын бир жылдарында, Кезикти сүйүү оту кумарыма. Сезимсиз ачылбаган бул сүйүүмдү, Сактадым өмүрүмдүн акырына. Булуттар арасынан сени издеймин, Буйруксуз бактым экенин мен билбепмин. Кечиккен бул сүйүүмө ишене албай, Махабат көлүнө мен чөгүп келдим. Буйругу бөлөк болуп турса дагы, Буулугуп сени издейми ай-жылдары. Тагдырдын тамашасы арсыз тура, Таалайга жазып койгон бакыт мына. Кайырма: Эки жаш дарак болуп бийик өссө, Эгиздей кол кармашып өмүр сүрсө. Жарашып турса жашы бактысы да, Эки жаш өтмөк эмес өкүнүчтө… Кайырма:
  • Аппак кар жаады айлана көрктөп күмүштөй күлүмдөп Жаңы жыл келди жадырап жайнап балалык сүйүүнүп Ар бир күн түскө кулпунат балаты Кел досум карачы Шаң менен бул кечте кармашып биз колду Бийлейли ырдайлы Келгиле достор биз ырдап бирге көңүлдү ачалы Жаңы жыл келди жар салып калкыма сүйүнчүү айталы Кайырма: Жаңы жылым келип калды Бакыт тилеп журтума калкыма Аяз ата тилек каалап Биз куралы оюн зоок тамаша Зал ичи шаңдуу ыр күлкүгө толуп Шам жанат шанданат Аяз кыз кулпунат сиздерге тартуулап Жаңылмач табышмак Кел досум табалы оюнга баталы Бизде бул маскарад Ырыскы жаратсын түбөлүк ынтымак Жашасын ынтымак