Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуу кечи»
исполнителя Кенже Көбөкова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сайраган булбул тилиндей, Көрүнүп көзгө илинбей. Жаш кезек өтөт турбайбы. Жадырап-жайнап билинбей. Селкилер менен алышып, Бозойлор менен жарышып. Жүргөндү эстеп, самасам, Жүрөгүм кетет сайышып. Чечедей болуп кадала, Түшпөйт го ал кез санаамдан. Чачымды бурул басса да, Картайтпайт менин заманам
  • Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы, Каалабадым сенден бөлөк, башканы. Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн, Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы. Кайырма: Баягыңдай күлчү кайра, Бажырайып жүрчү кайра. Баягыңдай эч кайгырбай, Баягыңдай сүйчү кайра. Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө, Көңүл толуп тең келбеди өзүңө. Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп, Тагдыр сени энчилептир өзүмө. Кайырма: Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү, Канча жолу капа кылдым өзүңдү. Кечир, жаным, суранарым, кечирсең, Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү. Кайырма:
  • Мен кыргыздын кызымын, Жашоонун билген жомогун. Жылдыз кыргыз киндиктеш, Эгиз деп теңир ат койгон. Эне сүтүнөн кошо аккан, Балага өткөн мээримиң. Ата сөөгүнөн жаралган, Туяк улаган батамын. Мен кыргыздын кызымын, Манастан тегим бүткөн. Мен Курманжан, Каныкей, Мурастап элим күткөн. Кайып дүйнө жашоодон, Кабылан жөлөмөн бүткөн. Айын менен күнүңдүн, Дал өзүнөн түшкөм. Мен кыргыздын кызымын, Канатым жайылган асман. Мээ сергитип эс алдырган, Керемет күүлөр жараткан. Суу, от, ташка кубула, Касиет сырым ушунда. Шамал болуп кулпура, Бешигин термейм жердин да.
  • Толкубас деңиз да күнү түн Токтотор шамалда жүрүшүн Токтобос үзүлбөс энеке Эч качан балаңдан үмүтүн Энеке энеке Азамат болсоң жетик бол Адилдик жаткан бешик бол Теңирдин жолу ошондой уулум Текебер болбой тетик бол Гүлдүн да соолорун билемин Күн деле соолутат илебин Кирдебес соолубас бир гана Энелик эң аруу тилегин Энеке энеке Уйкаш бол уулум жакшы ырга Уяттан ардан тапчылба Аңдабай жаман сөз сүйлөп уулум Адамдын көңүлүн калтырба Сен барда бакчама гүл анат Өзүңсүз чалынсам гүлүңө Бактылуу күнүмдү бөксөртпөй Жаркырап жанымда жүрө бер Энеке энеке Байсалдуу болсун сапарың Байлыкка толсун базарың Сылык бол жана сыпа бол уулум Сынбасын десең назарың Сый урмат көрүп жүрөлү бирге Жашоонун көрүп жыргалын